Украина башкаларга кандай үлгү? Ой толгоо

© AFP / GENYA SAVILOVУкраинанын желеги. Архив
Украинанын желеги. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.02.2024
Жазылуу
Өздөрү баштан кечирип жаткан глобалдык процесстердин маңызын талдай билген адамдар чанда болот. Себеби бир окуя кийинкисинин келип чыгышына себепчи. Көп учурда тарыхтын агымы менен алдыга жылып кете беребиз, андайда баары кайдан кайда баратканын аңдоого шарт болбойт.
Украинанын тегерегиндеги сөз учугун эл аралык баяндамачы Ирина Алкснис ушундай ойлор менен чубаган...
СССР кыйраган маалда да дал ушундай болгон: кайра куруу жана башка кошоктошкон процесстердин аягы жаман болорун туйганыбыз менен эмне болуп жатканын, ошол окуялардын баары эмнеге кириптей турганын дээрлик эч кимибиз түшүнө алган эмес элек.
Ал эми Украинадагы жана анын айланасындагы кырдаал уникалдуу тарыхый учур: элде өлкөнү кыйроого салып турган, али аяктай элек процесстерди талдап түшүнүүгө мүмкүнчүлүк бар. Ошондой окуялардын башында Евромайдандын натыйжасындагы мамлекеттик төңкөрүш турарын белгилейли. Андан тарта туура 10 жыл өттү. Украина, анын бүтүндөй коомчулугу ушул 10 жылдын ичинде саясатчы, саясат таануучулар гана тургай, социолог, психолог, философтордун да ой жүгүртүүсү үчүн түгөнбөс булакка айланды.
Мындай күнгө кандайча тушугуп калды? Эмне болду? Булар тегин соболдор эмес, анткени алар – дүйнөнүн калган бөлүгү, айрыкча постсоветтик мейкиндик үчүн зарыл суроолор. Себеби Россияга коңшу мамлекеттер да Украинада бир топ жылдан бери пайдаланылып жаткан технологиялар үчүн негизги полигонго айланып барат. Айрымдары Батышка айбат көрсөтүп андайга каршы чыгышса, көпчүлүгү аргасыз баш ийип ошол жолго түшүп калды. Бирок бул Евромайдан менен постмайдандык Украинанын тарыхынын негизиндеги маселени ого бетер курчутат.
Азыркы Батыш жайылтып жаткан идеология адамды жана коомду аныктай турган чектөөлөрдүн жоктугун боолголойт. Эгер акыркы он жылдыктар баары кыйла оң жана жагымдуу нерселерден, маселен, жер которуу, кайда кааласаң ошол жерге отурукташуу эркиндигинин баалуулугу (анткен менен анын түбүндө мекен жана мекенчилдиктен баш тартуу үгүтү жаткан) деп башташкан болсо, эми биологиялык жынысты танууга чейин жетип отурат. Мунун баары – Батыштын бирдиктүү концепциясынын бөлүктөрү. Глобалисттик, солчул-либералдык күн тартиби айрым адамдарга гана эмес, бүтүндөй өлкөлөр үчүн түзүлгөн.
Маңызында түстүү революциялар концепциясы бүтүндөй улуттарга ошол эле, тагыраак, тарых, география, социалдык, маданий, экономикалык жана башка шарттар жараткан чектөөлөрсүз демилгени “сатууга” далалат кылууда. Салт-санаа, үрп-адаттарынан арылтып койсок алар Батыш менен биригип, эркиндик, демократия жана жалпы гүлдөп-өскөн падышачылык куруп ала тургандай умтулушат. Бирок турмуш андай ыкманын дээрлик жаңылыш экенин тез жана оор түрдө көрсөтүп койду. Тилекке каршы, бул маселеде башка өлкөлөр үчүн Украина таасын мисал болуп берүүдө. Аталган республиканын коому ушунчалык туңгуюкка кептелип, соңку 10 жылдын оор натыйжаларына жана алдыда андан оор келечек күтөрүнө карабастан ойгоно албай келет. Мында кеп кайратта эмес, абалды өзгөртүүгө каалоонун жоктугунда болуп жүрбөсүн. Иш жүзүндө Украина Евромайдандан бери эле трансгендердик-геосаясий жолго өтүп алгандай. Ошонун баары катачылык болгонун моюнга алуу көпчүлүк украиналыктар үчүн акылга сыйгыс, себеби өлкө өзүн-өзү кыйратып алды. Украина ушул тапта агрессивдүү түрдө өзүнүн 10 жыл мурунку чечимин коргоодо, анан калса азапты жалгыз тартпайын дегендей, бул процесске бөлөк өлкөлөрдү да аралаштырууда.
Кантсе да он жылдык украиналык мисал ушунчалык ачуу жана үрөй учуруп, Батыш салган чыйырга түшкүсү келгендер азайып, ал түгүл жокко эсе.
Киевдеги Эгемендик аянтында оппозициянын тарапкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.02.2024
Евромайдандын 10 жылдык "майнабы": Украинадан чыгып кеткен эл. Инфографика
Жаңылыктар түрмөгү
0