Баткендеги Ак-Суу чокусунда изделген россиялык альпинисттин сөөгү табылды

© AP Photo / Robert F. BukatyЧокуга чыгып бараткан альпинист. Иллюстративдик сүрөт
Чокуга чыгып бараткан альпинист. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.02.2024
Жазылуу
Евгений Глазунов дээрлик ылдый түшүп жетишкен. Ага таш кулап кеткен болушу мүмкүн экендиги айтылды.
БИШКЕК, 23-фев. — Sputnik. Россиялык альпинист Евгений Глазунов Баткендеги Ак-Суу чокусунда каза болгонун mountain. ru басылмасы жазды.
Буга чейин аны ӨКМдин куткаруучулары жана россиялык үч альпинист издеп жаткан.
Глазунов 12-февралда чокуга жол тарткан. Акыркы жолу 16-февралда байланышка чыккан. mountain. ru альпинист аман-эсен ылдыйга дээрлик түшүп жетишкенин белгиледи.
"Ага таш кулап кеткен болушу мүмкүн", — деген шериги Кирилл Поветкин.
ӨКМ маалыматты тастыктап, Глазуновдун сөөгү 300 метр бийиктиктен табылганын билдирди.
Чокунун бийиктиги 5 355 метрди түзөт.
Тоого чыгып бара жатышкан альпинисттер. Архивдик сүрөт  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.01.2024
ӨКМ 3 800 бийиктикте калган россиялык альпинистке жардам берди. Видео
Жаңылыктар түрмөгү
0