Кыргызстандан чыгарылган акчанын суммасы 2,2 эсеге азайды

© Sputnik / Жоомарт УраимовБанктын кассири жумуш учурунда акча санап жатат. Архив
Банктын кассири жумуш учурунда акча санап жатат. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.02.2024
Жазылуу
Статистикалык маалыматтар акча которуу системасы, мобилдик тиркемелер жана электрондук капчыктар боюнча операцияларга карап алынды.
БИШКЕК, 23-фев. — Sputnik. Өткөн жылы Кыргызстандан сыртка 561,2 миллион доллар которулду. Бул туурасында Улуттук банк билдирди.
Жакында эле башкы банк банктык мобилдик тиркемелерди (банктык карта) жана электрондук капчыктарды колдонуу менен акча которуулардын көлөмү өсүп жатканын билдирген. Эми которуулардын бул түрү да статистикага киргизилип, салттуу транзакциялар менен бирге эсептеле баштады.
Өткөн жылкы көрсөткүч тарыхта үчүнчү сапта турат, рекорддук сумма 2022-жылы катталып, 1 миллиард 213,5 миллион доллар чет жакка которулган. Экинчи орунда 2021-жыл турат, анда 562,8 миллион доллар чыгарылган.
Белгилей кетсек, Кыргызстанга келип түшкөн каражат чыгарылган суммадан бир нече эсеге көп. Былтыр өлкөгө 2,7 миллиард доллар которулган.
Алтын куймалары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.02.2024
Кыргызстан былтыр 1,3 млрд долларга 20 тоннадан ашык алтын саткан
Жаңылыктар түрмөгү
0