Бишкекте 59 жаштагы эркек киши эки өспүрүмдү сүзүп кетти. Видео

© AFP / SPENCER PLATTЖаш бала. Архивдик сүрөт
Жаш бала. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.02.2024
Жазылуу
Окуя 22-февралда Бишкекте, 10-кичи райондун аймагында болгон. Балдар азыр ооруканада.
БИШКЕК, 24-фев. — Sputnik. Борбор шаардагы Түштүк магистралда жеңил машина жөө кишилер өтчү жерден эки өспүрүмдү сүзүп кетти.
Окуя 22-февралда Түштүк магистралда, 10-кичи райондун аймагында болгонун Кайгуул милициясынан билдиришти.
Жабыркаган 12 жана 15 жаштагы өспүрүмдөр ооруканага жеткирилген, ал эми балдарды коюп кеткен айдоочу 59 жаштагы эркек киши экени аныкталган.
Иликтөө иштери, экспертиза жүргүзүү башталып, Toyota Prius автокөлүгү айып короого токтотулган.
Фура жолдо бара жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.02.2024
Бишкекте фуранын айдоочусу тестиер кызды тебелеп кетти. Видео
Жаңылыктар түрмөгү
0