Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Киберспорт федерациясы фижитал-спортту жайылтууга көңүл бурат

© SputnikКиберспорт федерациясынын вице-президенти Тариэл Болотбеков
Киберспорт федерациясынын вице-президенти Тариэл Болотбеков  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.02.2024
Жазылуу
Киберспорт федерациясынын вице-президенти Тариэл Болотбеков кыргызстандык киберспортчулар биринчи жолу Казанда өтүп жаткан "Келечек оюндары" эл аралык мультиспорттук мелдешине катышып жатканын айтты.
Россия дүйнөдө биринчилерден болуп фижитал-спортту жайылтып, ири турнирлерди уюштуруп жатат. Мындан ары өлкөнүн Киберспорт федерациясы да бул жаңы багытты популярдуу кылууга көңүл бурарын Тариэл Болотбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Киберспорт федерациясы фижитал спортту жайылтууга көңүл бурат
Анын айтымында, фижитал-спорт багыты боюнча инфраструктураны жакшыртуу жаатында иш жүрүшү керек.

"Россиянын Казань шаарында "Келечек оюндары" эл аралык мультиспорттук мелдеши өтүп жатат. Бул иш-чара өзгөчө инновациялык 21 дисциплина боюнча ар кыл өлкөлөрдөн келген 260тан ашык команданын жана 2000ге жакын спортчунун катышуусунда болууда. Кыргызстандык киберспортчулар биринчи жолу бул оюндарга катышып жатат. Россия дүйнөдө биринчилерден болуп фижитал-спортту жайылтып, ири турнирлер уюштурулууда. Мындан ары өлкөнүн Киберспорт федерациясы бул жаңы багытты жайылтууга көңүл бурат. Албетте, ал үчүн инфраструктураны жакшыртууга аракет көрүш керек. Чет мамлекеттердин бир катар башчыларынын, көрүнүктүү эл аралык жана коомдук ишмерлердин, ири IT-компаниялардын жетекчилеринин катышуусу мелдештин масштабынан кабар берет", — деди Болотбеков.

Ошондой эле адис Казань шаарында өтүп жаткан "Келечек оюндарынын" байге фонду 10 миллион долларды түзөрүн кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0