Кыргызстандык боксчу Россияда өспүрүмдөр арасындагы турнирде жеңди

© Photo / Unsplash / Payam TaheryБоксчу. Архивдик сүрөт
Боксчу. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.02.2024
Жазылуу
Спорттук иш-чара милдетин өтөп жатып курман болгон советтик жана россиялык жоокерлердин элесине арналган.
БИШКЕК, 24-фев. — Sputnik. Кыргызстандык булгаары мээлейчи Зафарбек Камилов Комсомольск-на-Амуре (Россия) аймагында өтүп жаткан турнирде алтын медаль тагынды.
2006-2007-жылы туулган спортчулар катышкан бул таймаш жыл сайын өткөрүлүп келет. Ал милдетин өтөп жатып курман болгон советтик жана россиялык жоокерлердин элесине арналган.
Россиядан, Беларустан, Кыргызстандан, Өзбекстандан, Казакстандан, Монголиядан, Борбордук Африка менен Египеттен булгаары мээлейчилер катышууда.
Камилов 51 килограммга чейинки салмак категориясындагылар арасында алтын медалга татып, финалда беларустук атаандашына жеңилүү ызасын тарттырган.
Бүгүн аталган шаарда финалдык беттештер өтүп жатат.
Кыргызстандык боксчу Анваржан Ходжиев эл аралык турнирде алтын утту - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.02.2024
Кыргызстандык боксчу Анваржан Ходжиев эл аралык турнирде алтын утту. Видео
Жаңылыктар түрмөгү
0