АКШнын союздаштары экинчи ирет салынган санкцияларды сындап жатат

© AP Photo / Virginia MayoЕвробиримдик менен АКШнын желектери. Архив
Евробиримдик менен АКШнын желектери. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.02.2024
Жазылуу
Кечээ кыргызстандык экинчи компания АКШнын санкциясына туш келгени белгилүү болду.
БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. АКШнын кээ бир союздаштары Россияга каршы экинчи ирет салынган санкцияларды “Вашингтон ыйгарым укуктарынан аша чаап кетти” деп сындап жатат. Бул туурасында Politico гезити жазганын РИА Новости билдирди.
АКШнын мындай чектөөлөрү санкция киргизилген россиялык компаниялар менен бизнес жүргүзгөн чет өлкөлүк фирмаларды жазалоого багытталган. Басылма Россиянын аскердик-өнөр жай комплекси менен иштешкен чет элдик банктарды америкалык финансылык системалардан чыгаруу боюнча Байдендин декабрдагы жарлыгын мисал келтирген.
“АКШнын кээ бир союздаштары экинчи жолку санкцияда Вашингтон ыйгарым укуктарынан аша чаап кетти деп эсептейт. Анткени санкцияда жок үчүнчү тараптарга сокку урулушу мүмкүн”, — деп жазган басылма.
Кечээ кыргызстандык экинчи компания АКШнын санкциясына туш келгени белгилүү болду.
Эскерте кетсек, бир катар Батыш өлкөлөрү Украинадагы кырдаалдан улам Россияга каршы санкциялар пакетин киргизген. РФ президенти Владимир Путин Россияны алсыратуу саясаты Батыштын узак мөөнөттү стратегиясы болгонун, ал эми санкциялар дүйнөлүк экономикага олуттуу сокку урганын билдирүүдө. Анын айтымында, Батыштын негизги максаты — миллиондогон адамдардын жашоосун оорлоштуруу. Россия обочолонуп калбайт, азыркы заманда мындай болушу мүмкүн эмес.
  Евробиримдиктин желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.01.2024
Россияга санкция салуу менен ЕБдин канча акча жоготкону айтылды
Жаңылыктар түрмөгү
0