Бакыт Төрөбаев "Агродиалог" форумунун башкы максатын атады

© Sputnik / Бакыт ТолкановБакыт Төрөбаев "Агродиалог" форумунун башкы максатын атады
Бакыт Төрөбаев Агродиалог форумунун башкы максатын атады - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.02.2024
Жазылуу
Анын айтымында, түзүлгөн аянтчада кайсы товарды канча көлөмдө, кандай сапат менен чыгарып өндүрүү керектигин талкуулаган оң .
БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. "Агродиалог 2024" форумунун башкы максаты фермер менен экспортердун ортосундагы байланышты жөнгө салуу болуп саналат. Бул тууралуу суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев билдирди.
Төрөбаев бул форумдун алкагында фермерлер менен экспортерлор сүйлөшүп пикир алмашуусу маанилүү экенин белгилеген.
"Түзүлгөн аянтчада кайсы товарды канча көлөмдө, кандай сапат менен чыгарып өндүрүү керектигин талкуулаган оң. Дыйкандар өндүргөн продукциясын кайда сатарын билбей жатышат. Өнөр жайда айыл чарба сырьёсу жетишсиз", — деген министр.
Ал ошондой эле биринчи кезекте продукциянын сапатына, таңгактоо, товарларды электрондук аянтчалар аркылуу сатуу мүмкүнчүлүгүнө көңүл бурууга чакырган.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Корея эл аралык кызматташтык агенттигинин (KOICA) өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.02.2024
Малдын генетикасын жакшыртуу боюнча топ түзүлүп, аны кореялык адис жетектейт
Жаңылыктар түрмөгү
0