Ысык-Көлдө лыжа тээп жүргөн чет элдик 23 жаранды көчкү басып, төртөө каза болду

© Фото / пресс-служба МЧС КРТоодогу кар көчкүнүн түшүүсү. Архив
Тоодогу кар көчкүнүн түшүүсү. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.02.2024
Жазылуу
19 киши бири-бирин куткарып аман калган.
БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районуна караштуу Жыргалаң айылында чет өлкөлүк төрт жаран кар көчкү алдында калып каза болгонун ОИИБдин маалымат кызматы тастыктады.
Буга чейин соцтармакта чет өлкө жарандары кар көчкү алдында калып, сегизи жабыркап, төртөө көз жумганы тууралуу видео тараган.
Милициянын маалыматына караганда, 23-февраль күнү Чехиянын 23 жараны лыжа тебүү үчүн Жыргалаң айылындагы мейманкалардын бирине келип жайгашкан.
"25-февраль күнү алар тоого чыгып, лыжа менен түшүп келе жатканда көчкү жүрүп, басып калган. 19 киши бири-бирин куткарып аман калса, тилекке каршы, төртөө көз жумган. Алардын эң жашы 29 жашта болсо, улуусу 46 жашта болгон", — деп айтылат кабарда.
Каза болгондордун сөөгү көчкү алдынан чыгарылып, Каракол шаарындагы өлүкканага жеткирилип, соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Бул окуя Бирдиктүү реестрге катталып, тергөө иштери жүрүп жатканы кошумчаланды.
Ысык-Көлдүн тоолорунда өзүн атып алган киши куткаруучуларга чалып, аман калды  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.02.2024
Ысык-Көлдө топоз кайтарып жүрүп өзүн атып алган киши аман калды
Жаңылыктар түрмөгү
0