Өлкөдө карыздарды онлайн текшерип, төгүүгө мүмкүнчүлүк жаралды

© Фото / пресс-служба Кабинета министров КРСалык кызматын компьютерлери. Архив
Салык кызматын компьютерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.02.2024
Жазылуу
БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Салык кызматы салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздарды онлайн-текшерүү, төлөө кызматын ишке киргизди.
Эми Cabinet.salyk.kg сайты аркылуу аралыктан туруп салыктарды, камсыздандыруу төгүмдөрүн компьютер, смартфон аркылуу текшерип, төлөөгө болорун Салык кызматынан кабарлашты.
"Аталган кызмат салык төлөөчүлөрдү салык органдарына, банк мекемелерине баруудан же төлөм терминалдарын издөөдөн, туура эмес төлөө тобокелдиктеринен бошотот", — деп айтышты ведомствонун маалымат кызматынан.
Бул кызматты колдонуу жөнүндө кошумча маалыматты Cabinet.salyk.kg сайтындагы "Руководства" бөлүмүнөн алууга болот.
Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Адилет Дубанаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.02.2024
Радио
Салыктык башкарууну санариптик технология менен жөнгө салууга басым жасалат
Жаңылыктар түрмөгү
0