"Кумтөр" былтыр 13,6 тонна алтын сатып, 302,4 млн доллар таза киреше алды

© AFP / PAUL J. RICHARDSАлтын куймалары. Архив
Алтын куймалары. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.02.2024
Жазылуу
Алтын сатуудан республикалык бюджетке салык жана башка төлөм түрүндө 17,2 миллиард сомдон ашык каражат түшкөн.
БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Былтыр алтындан түшкөн таза киреше 302,4 миллион долларды түздү. Бул тууралуу "Кумтөр голд компани" ЖАКтын маалымат кызматы кабарлады.
Өткөн жылы киреше планы 734,2 миллион доллар деп белгиленип, бирок пайда 849 миллион долларды түзгөн.
"2023-жылы компания 13 тонна 577 килограмм алтын сатып, бир жылда 302,4 миллион доллар таза киреше көрдү", — деп жазылат маалыматта.
Алтын сатуудан республикалык бюджетке салык жана башка төлөм түрүндө 17,2 миллиард сомдон ашык каражат түшкөн.
Каражат дагы кайсы жакка которулганы төмөндөгү тизмеде көрсөтүлгөн:
Ысык-Көл облусун өнүктүрүүгө — 8 миллион 389 миң сом;
Нарын облусун өнүктүрүү үчүн "Теңир-Тоо" фондуна — 5 миллион 33 миң;
Аймактарды өнүктүрүү боюнча өнөктөштүктү өнүктүрүү фондуна — 1 миллион 597 сом;
Жаратылышты өнүктүрүү фондуна — 1 миллион 542 миң.
Алтын куймалар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.12.2023
Кыргызстандын куржунунда ушу тапта Кумтөрдөн алынган 50 тонна алтын бар
Жаңылыктар түрмөгү
0