Эмгек министринин орун басары УКМКнын тергөө абагына киргизилди

© Sputnik / Алексей Филиппов / Медиабанкка өтүүТергөө абак. Архив
Тергөө абак. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.02.2024
Жазылуу
БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министринин орун басары Улан Чаначев УКМКнын тергөө абагына киргизилди.
Биринчи май райондук соту анын баш коргоо чарасын тандап, 29-мартка чейин камоо чечимин чыгарган.
Буга чейин УКМК министрликтин жетекчилиги тарабынан мамлекеттик сатып алуулар аркылуу акчаны мыйзамсыз пайдалануу схемасы аныкталганын, Чаначев ошонун алкагында кармалганын билдирген. Кийин ал министрдин орун басары кызматынан бошотулган.
Мурдагы депутат Камчыбек Жолдошбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.02.2024
Мурдагы депутат Камчыбек Жолдошбаев 19-апрелге чейин камалды
Жаңылыктар түрмөгү
0