Кыргызстандан 50 миң тонна кумшекер экспорттоо пландалууда

© Sputnik / Роман Демьяненко / Медиабанкка өтүүЗаводдо жыйналган мүшөктөгү кум шекер. Архив
Заводдо жыйналган мүшөктөгү кум шекер. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.02.2024
Жазылуу
Өлкөнү толук камсыздоо үчүн 150 миң тонна кумшекер зарыл. Республика азырынча импорттон көз каранды.
БИШКЕК, 27-фев. — Sputnik. Кыргызстандагы айыл чарба продукциясын кайра иштеткендер кеминде 50 миң тонна кумшекер экспорттоону пландап жатат. Бул тууралуу "Агродиалог 2024" форумунда "Кошой" заводунун директорлор кеңешинин төрагасы, "Кайыңды Кант" заводунун директорлор кеңешинин мүчөсү Алмазбек Алтыбаев билдирди.
Эскерте кетсек, ушу тапта Кыргызстанда эки кумшекер заводу иштейт. Алтыбаевдин айтымында, экөө биригип суткасына 7,5 миң тонна кумшекер чыгарат.
"Биринчи кезекте азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого басым жасайбыз — бул ички рынок үчүн 150 миң тонна жана экспорт үчүн кеминде 50 миң тонна кумшекер өндүрүү. Мындай көрсөткүчкө жетүү үчүн 1,2 миллион тонна кант кызылчасы керек", — деди ал.
Алтыбаев форумга да дал ушул себептен, фермерлерден кызылча өстүрүүнү сурануу үчүн катышып жатканын белгиледи.
Былтыр Кыргызстан өзүн керектүү өлчөмдүн жарымынан бир аз жогору көлөм менен камсыздаган.
Картошка жыйноо иштери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.02.2024
Кыргызстан айыл чарба продукциясын 60тай өлкөгө экспорттойт, бирок көлөм аз
Жаңылыктар түрмөгү
0