Адис экспорт үчүн ыңгайлуу, кирешелүү айыл чарба өсүмдүктөрүн санады

© Sputnik / Виталий Тимкив / Медиабанкка өтүүАлчанын түшүмүн жыйноо. Архив
Алчанын түшүмүн жыйноо. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.02.2024
Жазылуу
Экспортердун айтымында, бул товарларды базарга алып чыгып же чет өлкөгө жөнөтүү мүмкүнчүлүгү дайым бар.
БИШКЕК, 27-фев. — Sputnik. "Кыргызцентрпродукт" ЖЧКсынын директору Манас Белошаров кирешелүү айыл чарба өсүмдүктөрүнүн бир нече түрүн санады.
Ал "Агродиалог — 2024" форумуна катышкан. Айтымында, өткөн жылы жашылча жана мөмө-жемиштерди тоңдуруу заводун ишке киргизишкен. Ошондой эле алар айыл чарба продукцияларын жаңы бышкан жана кургатылган түрдө экспорттошот.
Адис бир катар кирешелүү өсүмдүктөрдү санап берди:
тоңдурулган алча (кыязы, кеп гилас жөнүндө болуп жатат) бүгүнкү күндө дүйнөдөгү эң аз жана кымбат азык болуп саналат. Пайда абдан жогору. Белошаров Кыргызстанда жапайы гилас өсөрүн, Өзбекстан бул багытта көптөн бери иштеп келе жатканын тактады;
түстүү капуста – пайдалуу азык, биз аны Кыргызстанда өстүрбөйбүз. Өзбекстан болсо 10 жыл мурун алектене баштаган. Учурда Россияга түстүү капуста жеткирүү боюнча лидер болуп саналат. Кыргызстандын фермерлери кадимки ак капустаны өстүрүүнү туура көрүшөт. Анын баасы 5 жылда бир гана жолу көтөрүлөт. Ал эми түстүү капустанын түшүмдүүлүгү башка, баасы да жогору, пайда да жакшы;
жашыл төө буурчак кадимки төө буурчакка альтернатива болуп саналат, бирок жыйноо үчүн комбайндар керек.
"Эмне үчүн булар пайдалуу өсүмдүктөр? Өзүбүз албасак сатууга же экспорттоого болот. Дыйкан банкрот болбойт", — деди компаниянын жетекчиси.
Картошка жыйноо иштери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.02.2024
Кыргызстан айыл чарба продукциясын 60тай өлкөгө экспорттойт, бирок көлөм аз
Жаңылыктар түрмөгү
0