Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.12.2021
Пресс-борбор

Бишкекке Калугадан бизнес-миссия келди. Максаты

© Фото / пресс-служба кабинета министров КР / Эргеш ЖусубалиевКыргызстан менен Россиянын желектери. Архив
Кыргызстан менен Россиянын желектери. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.02.2024
Жазылуу
Делегациянын курамында тамак-аш, эмерек чыгаруучу, ошондой эле суу менен камсыздоо жана сууну тазалоочу ишканалар бар.
БИШКЕК, 27-фев. — Sputnik. Бишкекке Калуга облусунан бизнес-миссия келди.
Делегация мүчөлөрү Sputnik Кыргызстандын маалымат борборунда сапардын максаты жана милдеттери тууралуу айтып беришти.
© Sputnik / Асылбек БактыбековЭкспортту колдоо борборунун аналитика жана коштоо бөлүмүнүн башкы адиси Икром Ходжаев
Брифинг о бизнес-миссии российских предпринимателей в Кыргызстан - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.02.2024
Экспортту колдоо борборунун аналитика жана коштоо бөлүмүнүн башкы адиси Икром Ходжаев
Ишкерлер Бишкекте 1-мартка чейин болушат. Бир нече компаниянын өкүлдөрү Россиянын соода өкүлү менен жолугушту. Мындан тышкары, товарларды жана кызматтарды сатып алууга кызыкдар болгон потенциалдуу өнөктөштөр менен жолугушуулар пландаштырылууда. Аларды Калуга облусунун Экспортту колдоо борборунун өкүлдөрү коштойт.
Соода өкүлү менен жолугушууда россиялык экспортту өнүктүрүү жана оптималдаштыруу, Кыргызстандын рыногу менен иштөөнүн өзгөчөлүктөрү, экспорттук келишимдерди түзүү, Кыргызстандын рыногуна аймактык ишканалардын продукциясын жана кызматтарын жеткирүү маселелери талкууланды.
"Калуга облусу Кыргызстан менен активдүү кызматташып келет. Биз ар түрдүү буюмдарды: медициналык жабдууларды, дары-дармек, айыл чарба ишканалары менен өндүрүш үчүн жабдууларды сатабыз. Ал эми кыргызстандык кесиптештер бизге айыл чарба продукциялары менен балык жеткиришет", — деди Экспортту колдоо борборунун аналитика жана коштоо бөлүмүнүн башкы адиси Икром Ходжаев.
"Эгер биздин компаниялар өнөктөштөрүн тапса, келечекте Калуга облусуна Кыргызстандан белгилүү бир продукциялар сатып алынышы мүмкүн. Сооданын кандай артыкчылыктары бар? Россия менен Кыргызстан ЕАЭБге мүчө. Бардык логистикалык формалдуулуктар мүмкүн болушунча жөнөкөйлөштүрүлгөн. Бажы декларациясын толтуруунун кажети жок, логистикалык коридорлор бар. Бул жерде кандай продукцияга суроо-талап бар экенин айтып беришти. Биз ар бир компаниянын ишин талдап чыгып, өлкөдөн жаңылбаганыбызды түшүндүк. Анткени Кыргызстан биздин ишканалардын кызматтарына кызыкдар", — деди Ходжаев.
Жүз долларлык купюралары. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.02.2024
Пресс-борбор
Өкмөт РКӨФ алдына долбоорлорду каржылоо жаатында жаңы тапшырма койду
Жаңылыктар түрмөгү
0