Мамлекеттик ипотека алуу үчүн аралыктан кантип арыз жазса болот? Түшүндүрмө

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүКурулуп жаткан үйдү көрүп жаткан кишилер. Архив
Курулуп жаткан үйдү көрүп жаткан кишилер. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.02.2024
Жазылуу
Компания чет жакта иштеп жүргөн жарандар да арызды аралыктан ушундай эле жол менен жазып калтырса болорун белгиледи.
БИШКЕК, 27-фев. — Sputnik. Мамлекеттик ипотекалык компания ипотека алуу үчүн электрондук арызды кантип толтурса болорун айтып, видеотүшүндүрмөсүн жарыялады.
Билдирмеге караганда, www.portal.gik.kg электрондук порталы 2020-жылы эле ишке киргизилген.
"Жарандар үйдөн же жумуштан чыкпай эле порталга кирип, ипотека алууга арыз менен кайрылып, мамлекеттик турак жай программасынын катышуучусу болуп ипотека ала алат", — деп жазылат маалыматта.
Электрондук порталга арыз берүү 3 этаптан турат.
Биринчи этапта жаран www.portal.gik.kg порталына кирип, "Өтүнмө берүү" баскычын басып каттоодон өтөт (өзү, үй-бүлө мүчөлөрү тууралуу маалымат, катталган жана жашаган жери, иштеген жери жана байланыш маалыматтары көрсөтүлөт);
Экинчи этапта жаран жеке маалыматтарын текшерүүгө макулдугун берет. Ошондой эле мамлекеттик акы төлөнүүчү кызматтарга, анын ичинде SMS-билдирүүлөргө акча төлөйт.
Үчүнчү этапта жарандар арыз толтуруп, аны Мамлекеттик ипотекалык компаниянын кароосуна жиберет (иштеген жерин көрсөтүп, ипотекалык продукт тандайт).
Мамлекеттик ипотекалык компания чет жакта иштеп жүргөн жарандар да арызды аралыктан ушундай эле жол менен жазып, калтырса болорун белгиледи.
Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Түндүк мамлекеттик мекемесинин директору Чыңгыз Аманатов  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.01.2024
Радио
"Түндүк" мамлекеттик порталында санарип документтердин саны көбөйөт
Жаңылыктар түрмөгү
0