Акылбек Жапаров эртең Кытайга барат

© Фото / пресс-служба кабинета министров КР / Эргеш ЖусубалиевМинистрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров. Архив
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2024
Жазылуу
Жумушчу сапардын алкагында соода-экономикалык байланышты илгерилетүү боюнча эки жана көп тараптуу сүйлөшүүлөр жүргүзүлөт.
БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 29-февралда Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономиялуу районуна жумушчу сапары менен барат. Бул тууралуу өкмөт билдирди.
Сапар 2-мартка чейин созулат. Анын алкагында Жапаров Кытайдын коммунисттик партиясынын борбордук комитетинин саясий бюросунун мүчөсү, СУАР партиялык комитетинин катчысы Ма Синжуй, Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов баштаган делегациялардын үч тараптуу жолугушуусуна катышат. Ошондой эле Кыргызстан, Өзбекстан, СУАР делегация башчыларынын "Эркеч-Там" көзөмөл-өткөрүү пунктуна барышы күтүлүүдө.
Мындан тышкары, Акылбек Жапаров Кашкар шаарындагы "Нарын" эркин экономикалык аймагынын ишмердүүлүгү менен таанышып, "Кашкар" эркин экономикалык аймагында жайгашкан бондалык кампага барат.
Жумушчу сапардын алкагында соода-экономикалык байланышты илгерилетүү боюнча эки жана көп тараптуу сүйлөшүүлөр жүргүзүлөт.
Шамал электр станциясы. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.02.2024
Кытайлык компания Нарында электр станцияларын курууга ниеттенүүдө
Жаңылыктар түрмөгү
0