Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Шейшенов: күндөн энергия алуу боюнча кадрларды даярдайбыз

© Sputnik / Асель СыдыковаАль-Фараби атындагы казак улуттук университетинин Кыргызстандагы филиалынын директору, техника илимдеринин кандидаты Жамин Шейшенов
Аль-Фараби атындагы казак улуттук университетинин Кыргызстандагы филиалынын директору, техника илимдеринин кандидаты Жамин Шейшенов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2024
Жазылуу
Аль-Фараби атындагы Казак улуттук университетинин Кыргызстандагы филиалынын директору, техника илимдеринин кандидаты Жамин Шейшенов аталган окуу жайды ачууда эки элдин достугун бекемдөө башкы максат болгонун айтты.
Аль-Фараби атындагы Казак улуттук университети эки өлкө жетекчилигинин макулдашуусу менен ачылган. Башкы максаты — эки элдин достук мамилесин андан ары карай өркүндөтүү. Учурда Бишкек филиалында алты факультет студенттерди окутуп жатат. Бул тууралуу Жамин Шейшенов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Шейшенов: күндөн энергия алуу боюнча кадрларды даярдайбыз
Анын айтымында, окуу жай студенттердин билим менен илимди чогуу алып кетүүсүнө шарт түзөт.

"Биздин университет дүйнөдөгү беделдүү окуу жайлардын катарында. Азырынча Бишкек филиалында алты факультет иш алып барат. Анда студенттер маалыматтык технология, анын ичинде IT, роботтоштуруу тармагы, юриспруденция, экономика-менеджмент, биология-биотехника, психология жана чет тилдер боюнча билим алышат. Максатыбыз — биринчи кезекте Кыргызстанда таңсык болгон кесип ээлерин даярдап чыгаруу. Ошондуктан күндөн энергия алган адистерди, чыгыш, батыш тилдерин билген кесип ээлерин, жасалма интеллект боюнча адистерди окутуп жатабыз. Биздин студенттер 2-курсунан тарта эле илимге да аралашып, түрдүү долбоорлор боюнча гранттарды утуп, өздөрү продукция жасап чыгып сунуштай алышат. Бул максатта атайын лабораториялар, илимий клубдарды түзүп жатабыз. Окуу жайда азырынча жергиликтүү педагогдор окутуп келет, студент жогорку курска өткондө Казакстандагы башкы кеңсеге барып билим алуу мүмкүнчүлүгү бар. Мындан сырткары, университет 60тан ашык башка окуу жайлар менен академиялык мобилдүүлүк боюнча иштешет. Ошондой эле айрым предметтерди онлайн негизде Казакстандагы мугалимдерден окушат", — деди Шейшенов.

Ал окуу жайга абитуриенттерди кабыл алууда ЖРТнын жыйынтыгы эске алынбай тургандыгын, бирок келечекте ЖРТдан жогору балл алгандар үчүн жеңилдиктер караларын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0