Парламентте Сооронбай Жээнбековду "экс-президент" макамынан ажыратуу сунушталды

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевЭкс-президент Сооронбай Жээнбеков. Архив
Экс-президент Сооронбай Жээнбеков. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2024
Жазылуу
Түмөнбаев демилгелеген маселесин жүзөгө ашыруу үчүн депутаттык комиссия түзүүгө чакырды.
БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Түмөнбаев Сооронбай Жээнбековду "экс-президент" макамынан ажыратууну сунуштады.
Ал бүгүн парламентте билдирүү жасап, депутаттык комиссия түзүүгө чакырган.
© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаЖогорку Кеңештин депутаты Акылбек Түмөнбаев
Депутат Жогорку Кенеша Акылбек Тумонбаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2024
Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Түмөнбаев

"Элдин ырыскысын жеп келген Райым Матраимовду жандап жүргөн, табакташ болгон үч депутатыбыз кетти, дагы кетиребиз деп жатат. Өкмөттөгү министрлерге чейин кетирип жатышат. Бирок Райым Матраимовду саясий аренага алып келип, партия түзүп берген кишилер Кыргызстандын төрүндө, мамлекеттин эсебинен жашап жүрөт. Ал — Сооронбай Жээнбеков. Канчалаган жаштар кылкылдап митингге чыкканда көзү көр же дүлөйчө бир сөз айтып койбой, ушул жерде отуруп бийлигинен ажырады. Садыр Нургожоевич "кийинкиге жаман адат болбосун деп статусун калтырдык" деп айтып келет. Андай болбойт, коррупция менен аёосуз күрөш жүрүп жатабы, баары жооп бериши керек", — деди Түмөнбаев.

Эл өкүлү Бишкек ТЭЦин реконструкциялоого 386 миллион доллар сарпталышында, кийин жарылганында Жээнбековдун күнөөсү бар деди. Ошондой эле пандемия учурунда жардам катары чет элдик донорлордон келген 600 миллион долларды дары-дармекке жумшабай башка жакка коротуп жиберген деп айыптады.
Аягында Түмөнбаев азыр эки адам (Жапаров менен Ташиев) Кыргызстанды өнүккөн мамлекеттердин катарына кошом деп аракет кылып жатканын белгилеп, аларды колдоого чакырды.
Экс-президент Сооронбай Жээнбеков. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.02.2023
Ар бир пенде Кудай алдында жоопкер. Жээнбеков Дубайдагы жолугушуу боюнча үн катты
Жаңылыктар түрмөгү
0