Акындар Ош облусун кыдырып айтыш-концерт коёт. График

Комузчу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2024
Жазылуу
БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. Кыргыз улуттук "Манас" театрынын акындары "Андай эмес" аталышындагы айтыш-концерти менен Ош жергесин кыдырат. Бул туурасында президенттин облустагы өкүлчүлүгү билдирди.
Алар 6-мартка чейин өнөрүн тартуулап, жети районго барат. Максаты — тарыхты урматтап, улуттук дөөлөттөрдү даңазалоо, элдин ынтымагын бекемдөө, жаштарды адептүүлүккө, эли-жерин сүйүүгө тарбиялоо.
Концерттин графиги:
28-февраль саат 18:00дө — Токон Эшбаев атындагы Кара-Суу райондук маданият үйүндө;
29-февраль саат 15:00дө — Араван райондук маданият үйүндө;
1-март саат 14:00дө — Ноокат районундагы Кыргыз-Ата айылдык маданият үйүндө;
2-март саат 18:00дө — Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында;
4-март саат 12:00дө — Өзгөн райондук маданият үйүндө;
4-март саат 18:00дө — Кара-Кулжа райондук маданият үйүндө;
5-март саат 18:00дө — Алай райондук маданият үйүндө;
6-март саат 13:00дө — Чоң-Алай райондук маданият үйүндө.
Шароф Башбековдун Темир аял спектакли. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.02.2024
Март айында Кыргыз драма театрында кандай спектаклдер коюлат? Репертуар
Жаңылыктар түрмөгү
0