1-мартка карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековКоюу туман учурунда жолду өтуп бараткан кыз. Архив
Коюу туман учурунда жолду өтуп бараткан кыз. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.02.2024
Жазылуу
1-мартта күндүз республика аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрге жетет.
БИШКЕК, 29-фев. — Sputnik. Жума күнү түнкүсүн тоолуу райондордо кар жаайт. Айрым жерлерде туман түшөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө 0…+5, Талас жеринде -1…+4, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +2…+7, Ысык-Көл облусунда +3…+8, Нарын чөлкөмүндө -2…+3 градусту көрсөтөт.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +2…+4, Ош шаарында +3…+5 градус болот.
Бишкектеги аба-ырайы. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.02.2024
Февралдын этеги, марттын башы аба ырайы кандай болот? Бир жумага божомол
Жаңылыктар түрмөгү
0