Кыргызстандык боксчулар Италияда өтчү лицензиялык турнирге катышат

© Sputnik / Табылды КадырбековМушкер бокс боюнча турнирде тыныгуулардын ортосунда машыктыруучу менен кеңешип жатат. Архивдик сүрөт
Мушкер бокс боюнча турнирде тыныгуулардын ортосунда машыктыруучу менен кеңешип жатат. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.02.2024
Жазылуу
БИШКЕК, 29-фев. — Sputnik. Кыргызстандын бокс боюнча улуттук курама командасы Италияда өтө турган дүйнөлүк биринчи олимпиадалык квалификациялык турнирге катышат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен кабарлашты.
Ага ылайык, Олимпиада оюндарына жолдомо бере турган квалификациялык мелдеш 29-февралдан 12-мартка чейин өтөт.
Кыргызстандан бул турнирге жети мушкер барат. Алар:
Нуржигит Дүйшөбаев — 51 кг;
Мунарбек Сейитбек уулу — 57 кг;
Мирзохид Имамназаров — 63,5 кг;
Сыргак Абдыжапар уулу — 71 кг;
Өмүрбек Бекжигит уулу — 80 кг;
Эркин Адылбек уулу — 92 кг;
Бакыт Токтосун уулу — 92 кг.
Белгилей кетсек, аталган мелдеште эркектер арасындагы таймашта 1-2-орундарды алгандар жана 3-орунга татыган эки спортчу (жалпы төрт мушкер) Олимпиадага лицензия алары кошумчаланды.
Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы машыгуу учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2024
Кыргызстандын футбол боюнча командасы "жашыруун" машыгат. Чоо-жайы
Жаңылыктар түрмөгү
0