Туманбаев: "Асман шаарынын" долбоору токтогон жок, курулушу майда башталат

© Фото / пресс-служба кабинета министров КР / Эргеш ЖусубалиевКРнын президентинин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев. Архивдик сүрөт
КРнын президентинин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев. Архивдик сүрөт  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.02.2024
Жазылуу
Учурда инвесторлордун сунушунан улам техникалык-экономикалык негиздеме иштелип жатат.
БИШКЕК, 29-фев. — Sputnik. Ысык-Көлдө "Асман шаарынын" долбоору токтотулган эмес, курулушу ушул жылдын май айында башталат. Бул тууралуу президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев билдирди.
Анын айтымында, учурда инвесторлордун сунушунан улам техникалык-экономикалык негиздеме иштелип чыгууда.
"Президент капсула салган бир да долбоор токтогон жок. Бир долбоор бүтөр замат экинчиси башталууда. Бишкекте 40 миң адамга ылайыкталган стадион курулат. Буга 1 миллиард сом бөлүнгөн. Жакында "Барселона" футбол академиясынын стадиону менен шаарчасынын курулушу башталат. Бардык иш аягына чыгат", — деди Туманбаев.
Эске салсак, 2023-жылдын июнь айында өлкө башчы Садыр Жапаров Ысык-Көлдөгү "Асман" шаарынын курулушуна капсула салган. Аны сала турган инвесторлор бул шаар "акылдуу", коммерциялык, спорттук жана оюн-зоок секторлоруна бөлүнөрүн айтышкан. Мындан тышкары, шаардагы бардык таштанды кайрадан иштетилип турары, Ысык-Көлдүн ортосуна жасалма арал курулуп, шаарда жети жылдыздуу мейманканалар, казино, ири университеттер, музейлер, мечиттер, ооруканалар, гольф талаалары, жогорку ылдамдыктагы поезд, стадион, ипподром иштей турганы белгиленген.
Асма жолдун фунекулеру. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.02.2024
Бишкекте асма жолдун курулушу жайында башталары айтылды
Жаңылыктар түрмөгү
0