ЖКККББны Ош милициясынын мурдагы башчысы Жеңишбек Жоробеков жетектемей болду

© Фото / пресс-служба МВД КРОш милициясынын мурдагы башчысы Жеңишбек Жоробеков. Архив
Ош милициясынын мурдагы башчысы Жеңишбек Жоробеков. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.02.2024
Жазылуу
54 жаштагы Жоробеков ИИМде көптөгөн кызматтарда иштеп, 2020-жылы пандемия учурунда Жалал-Абад шаары менен Сузак районунун коменданты болгон.
БИШКЕК, 29-фев. — Sputnik. Жеңишбек Жоробеков Кыргызстандын Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын (ЖКККББ) жетекчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы кабарлады.
Эске салсак, башкармалыкты буга чейин Азамат Исраилов жетектечү. Ал өзүнүн берген арызынын негизинде аталган кызматтан бүгүн бошотулду.
Жеңишбек Жоробеков буга чейин Ош ОИИБди башкарган. 54 жашта, ИИМде көптөгөн кызматтарда иштеп, 2020-жылы пандемия учурунда Жалал-Абад шаары менен Сузак районунун коменданты болгон.
Ал эми Ош облустук ички иштер башкармалыгын убактылуу жетектеп туруу милдети Араван РИИБдин жетекчиси Нурланбек Буркановго жүктөлгөнү кошумчаланды.
Кыргызстандын Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Канатбек Кубатбеков. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.02.2024
ЖКККББнын жетекчисинин орун басары Канатбек Кубатбеков үй камагына чыкты
Жаңылыктар түрмөгү
0