Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Аматов: шаардык кеңештин укугун чектөө мыйзамы артка кайтарылды

© Sputnik / Шабдан Абылгазы уулуБишкек шаардык кеңешинин депутаты Рысбай Аматов
Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Рысбай Аматов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.03.2024
Жазылуу
Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Рысбай Аматов жакында эле парламент Бишкек жана Ош шаардык депутаттарынын укугун чектөө мыйзамын артка кайтарганын билдирди.
Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча агенттик тарабынан демилгеленген мыйзамда эл өкүлдөрүн шаардык кеңештин бюджетин бекитүү, мэрдин отчётун угуу, вице-мэрлерге ишеним көрсөтпөө укугунан ажыратуу сунушталган. Бул тууралуу Рысбай Аматов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Аматов: шаардык кеңештин укугун чектөө мыйзамы артка кайтарылды
Анын айтымында, шаардык кеңештин депутаттарынын арасында күчтөрдүн кагылышы жүрөт деген сындар чындыкка дал келбейт.
"Бишкек шаардык кеңешинде партиялык тизме менен шайланып келген 45 депутат бар. Эл өкүлдөрү фракцияларды түптөп, ар башка багыттагы алты профилдик комиссияда иш алып барат. Шайлоочулардын тапшырмаларынын негизинде ар бир партия өз платформа, программасын бекиткен. Максатыбыз — борборду экономикалык, социалдык жактан өнүктүрүү. Шаардык депутаттардын кызматтык унаасы, кабинети жок, 90 пайызы мамлекеттен айлык албайт. 2013-жылы Бишкек жана Ош шаарына "республикалык деңгээлдеги шаар" макамы берилип, эл өкүлдөрүнүн укуктары, милдеттери мыйзамда бекитилген. Калктан түшкөн талаптарды сессияда талкуулап, бюджетти бекитип, мэрдин, аткаруу бийлигинин отчётун угабыз. Бишкек шаардык кеңешинин ыйгарым укуктары жылдан-жылга эле кыскарат. Кээ бир жарандар түшүнбөстөн аткаруучу бийликти эмес, депутаттарды сындап, тепкиде биз калабыз. Ушул убакка чейин шаардык кеңештин ыйгарым укуктарын сындап келишкендер абалыбызды кечээ түшүнгөндөй болду. Анткени ар кандай маселелер менен кайрылган шаардыктар абдан көп. Алардын көйгөйү менен өтө активдүү иштеген депутаттар бар. Борбор болгонубузга карабай ушуга чейин канализация, экология өңдүү көйгөйлөр арбын. Ыйгарым укуктардан ажырасак шайлоочулардын талаптарын угуп, аткаруу бийлигине жеткирип, талап кыла албай калабыз", — деди Аматов.
Депутат учурда шаарды көрктөндүрүү боюнча жумушчу комиссия түзүлүп, ал атайын белгиленген жерлерди жашылдандырып, экологияны коргоп, соода түйүндөрүнүн салынышына жол бербей жатканын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0