Душанбеде электр кубаты бир нече саатка өчүп, башка шаарларда катуу чектөө кирди

© Sputnik / Искандар АминовКар түшкөн Душанбе шаары. Архив
Кар түшкөн Душанбе шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.03.2024
Жазылуу
Авариядан соң бир катар калааларда электр кубатын колдонууга лимит киргизишти.
БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. Тажикстандын Нурек ГЭСиндеги авариядан улам Душанбе шаары үч саатка чукул электр энергиясыз, айрым жерлери жылуулуксуз калып, кайрадан калыбына келди. Бул туурасында Sputnik Тажикстан Телеграм каналы жана РИА Новости кабарлады.
Кырсыктан соң бир катар калааларда электр кубатын колдонууга лимит киргизишкен..
Бир нече саат мурда Бустон шаарында 08:00дөн 17:00гө чейин жана 22:00дөн 05:00гө чейинки учурларда электр эки саатка өчүрүлүп турарын айтышкан. Андан сырткары, Гиссар аймагында да күн сайын 08:00дөн 18:00гө чейин жана 22:00дөн 05:30га чейинки аралыкта электр кубаты болбой турганын билдиришкен.
Мындай чектөөлөр Кожент шаарына да киргизилери айтылды.
Электр линиясы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.01.2022
Орто Азияда жарыктын жапырт өчүшү. Тандоо убагы келген сыяктуу
Жаңылыктар түрмөгү
0