Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Россия Германиядан Крым көпүрөсү боюнча сүйлөшүүлөргө түшүндүрмө талап кылат

© Sputnik / Наталья СеливерстоваРФ ТИМинин имараты. Архив
РФ ТИМинин имараты. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.03.2024
Жазылуу
БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. Россия Германиядан офицерлеринин Крым көпүрөсүн жардыруу боюнча сүйлөшүүлөрүнө түшүндүрмө берүүсүн талап кылат. Бул тууралуу Россиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова айтканын РИА Новости агенттиги жазды.
"Германиядан түшүндүрмө талап кылабыз. Расмий Берлин ыкчам түрдө түшүндүрүшү керек. Берилген суроолордон кайкып кетүү аракеттери – күнөөнү моюнга алуу катары каралат", — деген Захарова.
Буга чейин "Россия сегодня" медиатобунун башкы редактору Маргарита Симоньян мурдараак анын колуна немец Бундесверинин Крым көпүрөсүнө сокку уруу боюнча талкуусунун аудиоварианты түшкөнүн билдирген.
Ал эми Германиянын Коргоо министрлиги коомчулукка чыгып кеткен үн жазуу боюнча комментарий берүүдөн баш тарткан.
РФтин Федерация кеңешинин төрагасынын орун басары Константин Косачев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.03.2024
Косачев: Германия Крым көпүрөсүн жардыруу планын төгүндөө үчүн далил көрсөтүшү керек
Жаңылыктар түрмөгү
0