Россия ТИМи Крым көпүрөсүн жардыруу боюнча Германиядагы аудиоталкуу тууралуу

© Sputnik / Наталья СеливерстоваРФ ТИМинин имараты. Архив
РФ ТИМинин имараты. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.03.2024
Жазылуу
Симоньян журналисттик сурам аркылуу Германиянын ТИМи менен элчисине, андан сырткары, канцлер Олаф Шольцтун жеке өзүнө кайрылган.
БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. Германиянын ЖМКларында өздөрүнүн ТИМ жетекчиси Анналена Бербокко немец офицерлеринин Крым көпүрөсүнө урулуучу соккуну талкуулаганы боюнча суроо берүү мүмкүнчүлүгү жаралды. Бул туурасында РФ ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова айтканын РИА Новости жазды.
"Россия сегодня" медиатобунун башкы редактору Маргарита Симоньян мурдараак анын колуна немец Бундесверинин Крым көпүрөсүнө сокку уруу боюнча талкуусунун аудиоварианты түшкөнүн билдирген.
Анын айтымында, 40 мүнөттүк аудиодо Бундесвердин офицерлери америкалык жана британиялык аскерлерди кепке кошуп, "алар көптөн бери жаңжалга түздөн-түз катышып келгенин талкуулашкан".
Симоньян журналисттик сурам жиберип, Германиянын ТИМи менен элчисине, андан сырткары, канцлер Олаф Шольцтун жеке өзүнө кайрылганын билдирген.
Захарова Анналена Бербоктун бул туурасында кандай ойдо экендиги ага кызык болуп жаткандыгын айткан.
"Немец басылмаларында өздөрүнүн күнөөсүздүгүн далилдеп, ага суроо узатууга мүмкүнчүлүк түзүлгөн. Биздин ЖМКлар үчүн Германиянын Москвадагы элчилиги менен сүйлөшүүгө актуалдуу тема жаралды", — деген Захарова.
Бул боюнча Россиянын Мамлекеттик Думасынын төрагасы Вячеслав Володин Германия жетекчилигине бир топ суроолорго түшүндүрмө берүүгө туура келерин билдирген.
Анын айтымында, немец офицерлеринин Крым көпүрөсүнө жасала турган чабуулду талкуулаган сүйлөшүүсү Германия жетекчилигинин буга түшүндүрмө беришин талап кылат. Андан сырткары, Шольцтон мындай иш-аракеттер Россиядан жооп иретиндеги соккуларды баштоону талап кыларын түшүнөбү деген суроого да жооп талап кылынарын айткан.
"Тарап кеткен аудио Германия башчысынын түшүндүмө беришин талап кылат. 1. Россияга сокку урмакчы болгон пландарын талкуулоодо Бундесвердин кесипкөй аскери Германиянын кандай чечимдеринин негиз кылды? 2. Буга жаза көрүлөбү? Кандай жаза болот? 3. Бул туурасында Бундестаг депутаттары билеби? 4. Шольц мындай нерсе Россиядан жооп иретинде сокку урууну талап кыларын түшүнөбү? " — деп жазган Володин Telegram каналына.
Буга чейин Макрон ЕБ соккуларды тереңирээк уруш үчүн тогузунчу — бомба жана ракеталар менен камсыздоочу коалицияны түзүүнү чечкенин билдирген. Көп өтпөй эле Шольц Киевге алыска атыла турган канаттуу Taurus ракеталарын жөнөтүү планы жоктугун кошумчалаган эле.
Франциянын президенти Эммануэль Макрон  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.02.2024
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Британияда Макрондун эмнеге "дүрбөлөңгө түшүп" жатканын айтышты
Жаңылыктар түрмөгү
0