Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Пентагондун башчысы: Украина жеңилсе НАТОго Россия менен согушууга туура келет

© AP Photo / Mark SchiefelbeinПентагондун башчысы Ллойд Остин
Пентагондун башчысы Ллойд Остин  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.03.2024
Жазылуу
Ал Украинада жүрүп жаткан атайын операциядагы россиялык аскерлердин ийгилиги “өтө тынчсыздантарын” айтты.
БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. Азыркы чатакта Украинанын жеңилиши НАТО менен Россиянын аскердик кагылышуусуна алып келиши мүмкүн. Бул тууралуу Пентагондун башчысы Ллойд Остин билдиргенин РИА Новости жазды.

"Ачыгын айтканда, Украина жеңилип калса НАТО Россия менен салгылашат деп ойлойм", — деди Остин АКШнын Өкүлдөр палатасынын жыйынында.

Пентагондун башчысы Украинада жүрүп жаткан атайын операциядагы россиялык аскерлердин ийгилиги “өтө тынчсыздантарын” айткан.
"Күн сайын орустар чабуул жасап, аймактарды багындырууну улантып жатканын көрүп жатабыз. Бул өтө тынчсыздандырат”, - деген Остин.
Анын айтымында, Вашингтондун колдоосу жок украин аскерлери артиллериядан, абадан коргонуу системаларынын жоктугунан аксап жатат.
Киевдеги Эгемендүүлүк аянтындагы АКШнын желеги. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.02.2024
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Пентагон АКШдан жардам келбесе Украинанын күнү эмне болорун боолголоду
Жаңылыктар түрмөгү
0