Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Лавров: Украинада Батыштын кадрдык офицерлери да бар

© Sputnik / Алексей Филиппов / Медиабанкка өтүүВстреча глав МИД РФ и Мали С. Лаврова и А. Диопа
Встреча глав МИД РФ и Мали С. Лаврова и А. Диопа - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.03.2024
Жазылуу
Россия министринин айтымында, мамлекеттик төңкөрүшкө (Украинадагы – ред.) чейин эле азыркыдай “жалданган адамдарбыз” демиш болуп жүрүшкөн.
БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. Украинада чет элдин жалданган аскерлери гана эмес, кадрдык офицерлери да жүрүшөт, анын арасында британиялыктар, франциялыктар бар. Бул тууралуу РФ ТИМ башчысы Сергей Лавров Антальяда өткөн дипломатиялык форумда сүйлөп жатып айтканын РИА Новости жазды.
"Америкалыктар министрликтерде мамлекеттик төңкөрүшкө (Украинадагы – ред.) чейин эле азыркыдай “жалданган адамдарбыз” демиш болуп жүздөп жүрүшчү. Ал эми чынында ал жакта кадрдык офицерлер бар, алар — англиялыктар, франциялыктар. Бул бизге белгилүү", – деген Лавров.
Ошондой эле ал "ошол жакта туруп эле аралыктан ракеталарды башкарып коюуга болобу деген суроо болгонуна токтолгон.
"Эми бул түз алып караганда, "ал жакта Кошмо Штаттардын жарандык формадагы балдары бар го" дегендей эле угулат. Түз эле ушинтип айтылды. Ошондуктан бул жерде мен аларды кандай аташты да билбейм, биздин НАТОдогу кесиптештердин бетинин баарын түк басып кеткендей. Муну алар өздөрүнүн элине эмне деп түшүндүрүшөт, билбейм", – деген ал.
Буга чейин Франциянын президенти Эммануэль Макрон Батыш өлкөлөрү Украинага аскерлерди жөнөтүү маселесин сүйлөшкөнүн, бирок бир консенсуска келишпегенин билдирген. Макрондун билдирүүсүнөн кийин Франциянын премьер-министри Габриэль Атталь Украинага аскерлер жөнөтүлүшү мүмкүн экендигин четке какпай, Париж Россиянын жеңишин кабыл ала албай турганын айткан. Financial Times европалык көз карандысыз аткаминердин айтканына таянып, Украинада Батыштын атайын багыттагы аскерлери бар экенин билдирген.
РФ Коргоо министрлиги НАТО өлкөлөрүнүн жалданма аскерлерин жок кылгандыгы боюнча бир нече жолу билдирген жана алардын атайын аскердик операциялар жүргүзүлгөн аймакта жүрүшкөнүн катташкан. Тактап айтканда, өткөн жылдын аягында РФ Коргоо министрлигинин кеңейтилген жыйынында министр Сергей Шойгу атайын операция башталгандан бери 5,8 миңден ашык чет өлкөлүк согушкер жок кылынганын, анын арасында НАТОнун аскерлери да болгонун айткан. Анын ичинен 1427си Польшадан, 466сы АКШ жана 344ү Улуу Британиядан келгендер.
Буга чейин Россиянын ТИМ башчысы Сергей Лавров Украинаны куралдандыруу максатында жөнөтүлгөн жүктүн кандай гана түрү болбосун, Москва үчүн мыйзамдуу бута болорун эскерткен. Мындай кадамдарды жасап, НАТО от менен ойноп жаткандыгын кошумчалаган.
Лавровдун айтымында, АКШ менен НАТО согушка түздөн-түз катышкандан тышкары, Улуу Британия, Германия, Италия жана башка өлкөлөрдө кадрларды даярдоо менен да алектенип жатышат. Кремль Украинаны Батыш тарабынан куралдандыруу эки өлкөнүн кепке келүүсүн шарттабай, тескери жыйынтыкка алып келерин эскертип келет.
Мурдараак РИА Новости агенттигине аскердик коопсуздук жана куралдарды көзөмөлдөө маселелери боюнча Венада өткөн сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө РФ делегациясынын башчысы Константин Гаврилов Батыш өлкөлөрүнүн Украинага аскер жөнөтүүсү НАТО менен Россиянын түз кагылышууларына алып келүү коркунучун жаратарын айткан.
РФ президенти Владимир Путин атайын аскердик операция тууралуу сүйлөп жатып: "Жеңиш биз тарапта болот, ал эми тынчтык Россия атайын операциялар боюнча максатына жеткенде орнойт", — деген. Россия лидеринин маалымат катчысы Дмитрий Песков Украина Россия менен куралдуу кагылышта жеңишке жете албай турганын АКШ билип эле турат деп билдирген.
Украинанын куралдуу күчтөрү үчүн ок-дарылар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2024
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Киевге жардам берген Британиянын Коргоо штабынын өзүндө муктаждык жаралды
Жаңылыктар түрмөгү
0