Депутат Шайлообек Атазов Түркиядан үн катты

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаДепутат Шайлообек Атазов. Архив
Депутат Шайлообек Атазов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.03.2024
Жазылуу
Ал жүрөгүнө атайын медициналык аппараттар орнотулгандыктан төрт күндөн бери телефон колдонбой, чалууларга жооп бере албай калганын белгилеген.
БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазов Түркияда дарыланып жатканын соцтармактагы баракчасына жазды.
Депутат өлкөдөн шашылыш чыгып кетти деген атайын буюртма менен жазгандардын маалыматы чындыкка дал келбей турганын айтып, жүрөгүнө атайын медициналык аппараттар орнотулгандыктан төрт күндөн бери телефон колдонбой, чалууларга жооп бере албай калганын айткан.
"Дарылануу максатында төраганын атына кат жазып мыйзам чегинде келгем. Андан кийин кесиптешим Айбек Осмонов үй-бүлөсү менен өлкөдөн чыгыптыр. Ортобузда бир канча күн айырмачылык бар. Ден соолуктан ким саясат жасап жатат? Буюрса, аз күндө дарылануу курсум аяктаса барып калам", — деп жазган ал.
Буга чейин Бажы кызматынын мурдагы төрагасынын орун басары Райымбек Матраимов менен байланышы бар делген үч депутат мандатынан ажыратылган. Андан башка парламентарийлер да кызматтан кетери айтылган. Шайлообек Атазов менен Айбек Осмоновдун өлкөдөн чыгып кетиши ушул учурга туш келип, коомчулукта күмөн ойлорду жараткан эле.
Депутат Искендер Матраимов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.02.2024
Искендер Матраимов менен Нурлан Ражабалиев мандатынан ажырашы мүмкүн
Жаңылыктар түрмөгү
0