Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Захарова РФ менен НАТОнун кагылышуу ыктымалдыгын айткандарга жооп берди

© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүүРФ ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова. Архив
РФ ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.03.2024
Жазылуу
Акыркы күндөрү Батышта альянстын Россия менен түзмө-түзмө кагылышы туурасында айтыла баштады.
БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. Эми агрессор Вашингтон экендигин баары көрүп-билип калды. Мындай пикирин РФ ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова Пентагондун жетекчисинин Россия менен НАТОнун кагылышуу ыктымалдыгы боюнча айтканына комментарий берип жатып айтканын РИА Новости жазды.
Мурдараак Пентагондун башчысы Ллойд Остин "Украинанын жеңилүүсү Россия менен НАТОнун кагылышына алып келиши мүмкүндүгүн" айткан.
"Бул Россияга жасалган тикелей коркутуу же Зеленскийди калкалоо үчүн ойлонуп табылган шылтообу? Кандай болгон күндө да экөө тең акылга сыйбаган нерсе. Анткен менен агрессор Вашингтон экендигин баары билип калышты", — деген Захарова.
Акыркы күндөрү Батышта альянстын Россия менен түзмө-түзмө кагылышы туурасында айтыла баштады. Кремлден Россия эч кимге озунуп кооптуулук жаратпастыгын, бирок мамлекеттик кызыкчылыкка коркунуч келтиргендерди көз жаздымда калтырбастыгын айтышкан.
Мындан сырткары, соңку мезгилдери РФ НАТОнун батыш чек араларындагы активдүүлүгү байкалганын белгилеген. Альянс демилгесин жайылтып, мунусун "Россиянын агрессиясын ооздуктоо" деп атап алган. Москва НАТОнун Европада канат-бутагын жайып баратканын кубаттабастыгын бир нече ирет билдирген. РФ ТИМинен Москва альянс менен диалогго ачык экенин, бирок ал бирдей укукта болушун, муну менен катар эле Батыш контингентти милитаризациялоо багытынан баш тартуусу зарыл экенин айтып келет.
Москва буга чейин Россия башка мамлекеттер, анын ичинен Кытай менен биргеликте космостогу жарыша куралданууну алдын алууну кубаттай тургандыгын, аны тынчтык максатта сактоо керектигин да бир канча жолу билдирген.
ТИМден АКШ жана союздаштары космоско курал алып чыгып жайгаштырууга кадам таштап, аны согушта коргонуу үчүн гана жасап жатпагандыгын белгилеген. Муну атаандаштыкка жана мамлекеттердин чатагында жаңы аренасы катары колдонууга ниеттенүүдө. Бул жерде башкы атаандаш катары Россия менен Кытай каралган.
Пентагон. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.12.2023
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
АКШ конгрессиндегилер Украинадагы кырдаалга Пентагонду күнөөлөдү
Жаңылыктар түрмөгү
0