С.Жапаров бизнес үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүн эки эсеге кыскартууну тапшырды

© Sputnik / Жоомарт УраимовАдам сом купюралары менен. Архив
Адам сом купюралары менен. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.03.2024
Жазылуу
Министрлер кабинети айрым уюмдарды кошпогондо, чарба жүргүзүүчү субъектилер үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн ставкасын 27,25 пайыздан 12,25ке чейин төмөндөтүү боюнча мыйзам долбоорун парламенттин кароосуна алып чыгышы керек.
БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров "Ишкердик субъектилер үчүн жагымдуу салык чөйрөсүн түзүү жана камсыздандырылган адамдардын мамлекеттик социалдык камсыздоого кызыкчылыгын жогорулатуу жөнүндө" жарлыкка кол койду.
Маалыматта өлкөнүн экономикасынын алдында турган учурдагы чакырыктардын шартында экономикалык өсүштүн жана социалдык өнүгүүнүн маанилүү кыймылдаткычы болуп эсептелген ишкердик субъектилерге дем берүүгө жана колдоого өзгөчө көңүл бурулуп жатканы белгиленген. Ошентсе да көптөгөн ишкерлер расмий эмес сектордо иштөөсүн улантып, бул нерсе өлкөнүн атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жана инновациялык потенциалын өнүктүрүүгө тоскоолдуктарды жаратууда.
Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери бизнестин өкүлдөрү туш болгон эң курч проблемалардын бири болуп жатканы белгиленди. Иш берүүчү төлөгөн социалдык чегерүүлөр салыктык чегерүүлөрдүн суммасынан олуттуу ашат, муну менен кызматкерлердин эмгек акысынын өлчөмдөрүн төмөндөтүүгө негиз түзүүдө.
Бизнес үчүн кыйла жагымдуу шарттарды түзүү, активдүүлүгүнө дем берүү, финансылык ресурстардын жеткиликтүүлүгүн көбөйтүү жана финансылык оорчулукту жеңилдетүү максатында министрлер кабинетине Жогорку Кеңешктин кароосуна төмөнкү маселелер камтылган мыйзам долбоорлорун киргизүү тапшырылды:
ишкердик субъектилер үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн ставкаларын 27,25 пайыздан 12,25ке чейин төмөндөтүү. Бирок мунун ичине бюджеттик уюмдар жана жогорку кирешелүү тармактар (пайдалуу кендерди казып алуу, электр энергиясы, газ, буу жана кондицияланган аба менен камсыз кылуу), маалымат жана байланыш, акциздик товарлар (алкоголдук, тамеки буюмдары жана күйүүчү-майлоочу материалдар) сатуу, коммерциялык банктар, адистештирилген финансы-кредиттик же кредиттик мекемелер) кирбейт;
кызматкерлерге төлөнүүчү эмгек акыны жашыргандыгы үчүн иш берүүчүлөрдүн жоопкерчилиги;
салык салуу жана камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөө максаттары үчүн эмгек акыны белгилөө боюнча талаптарды аныктоо;
республикалык бюджетке киреше салыгынан чегерүүлөрдүн ченемин белгилөө.
Мындан тышкары, министрлер кабинети Социалдык фондго кошумча чегерүүлөрдү карашы керек.
Милдеттүү медициналык камсыздандыруу полистерин берүү. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.01.2024
1-февралдан тарта өлкөдө медкамсыздандыруу полисинин баасы өзгөрөт. Жаңы тариф
Жаңылыктар түрмөгү
0