Мэрия көп кабаттуу үйдүн жарык, суусун өчүрүп, жашоочуларын күчтөп чыгарууда

© Sputnik / Эламан Карымшаков Мэрия көп кабаттуу үйдүн жарык, суусун өчүрүп, жашоочуларын күчтөп чыгарууда
Мэрия көп кабаттуу үйдүн жарык, суусун өчүрүп, жашоочуларын күчтөп чыгарууда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.03.2024
Жазылуу
БИШКЕК, 2-мар. — Sputnik. Мэрия Бишкектеги көп кабаттуу үйдүн электр энергиясын, суусун өчүрүп, жашоочуларын күчтөп чыгарууда.
Калаа бийлиги кечээ, 1-мартта, “Орто-Сай” базарынын жака-белиндеги Сүйөркулов, 16/1 дарегиндеги объектинин тургундарын чыгаруу процедурасын баштаган.
Мэрия ал имарат соода борбору катары курулгандыктан жашоого кооптуу деген жүйө келтирүүдө. Бирок жашоочулар анын төмөнкү кабаттары коммерциялык объект болорун, үстү жагы апартаментке ылайыкталганын айтууда.
Муниципалитет көп балалуу, майыптыгы бар үй-бүлөлөргө убактылуу жашап турууга батир сунуштаганын, бирок алар баш тартканын билдирди. Мэрия муну “турак жай катары колдонуу” мыйзамсыз деп жатат. Бирок ал жактан жашоочуларды күчтөп чыгаруу боюнча соттун чечими чыга элек.
Бүгүн Бишкекте -6 градуска чейин суук болот.
Бишкекте Arzu жана Time Out кафелери буздурулуп жатат - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.03.2024
Бишкекте Arzu жана Time Out кафелери буздурулуп жатат
Жаңылыктар түрмөгү
0