Кыргызстанда сом менен салынган депозиттер рекорддук көрсөткүчкө жетти

© Sputnik / Жоомарт УраимовСом купюралары жана монеталары. Иллюстративдик сүрөт
Сом купюралары жана монеталары. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.03.2024
Жазылуу
Депозиттик салымдардын жалпы суммасы азайган. Бирок бул чет элдик валютадагы салымдардын азайганы менен байланыштуу.
БИШКЕК, 2-мар. — Sputnik. Кыргызстандын банктарына сом менен салынган депозиттердин көлөмү рекорд жаратты. Мындай тыянакка Улуттук банктын маалыматтарынан улам келүүгө болот.
Январь айынын аягына карата жалпы депозиттик база 431 миллиард 277,6 миллион сом деп бааланган.
561,7 миллион — бул тарыхтагы экинчи көрсөткүч, бир ай мурда 63,8 миллион сомго көп болгон.
Депозиттик жалпы көлөмдүн азайганы менен улуттук валютадагы база дээрлик миллиард сомго көбөйүп, рекорддук көрсөткүчкө жеткен. Тактап айтканда, 235 миллиард 549,6 миллион сомду түздү.
Ал эми чет элдик валютадагы салымдар 195,7 миллиард сом деп бааланды (бир ай ичинде миллиард сомдон ашык азайган).
Эске салсак, мында депозиттик салымдар (мөөнөттүү жана талап кылынганга чейинки) гана эмес, эсептердеги каражаттар да кошо саналат. Атап айтканда, юридикалык жана жеке жактардын, ошондой эле резидент эместердин каражаттары тууралуу кеп болууда.
Лупа сом жана доллар купюраларын фонунда. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.11.2023
Кыргызстанда депозиттердин өзгөчөлүктөрү, артыкчылык жана терс жактары. Кеп-кеңеш
Улуттук банк депозит акча сом валюта
Жаңылыктар түрмөгү
0