Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

АКШ Украинага аскерин качан жөнөтүшү мүмкүн экени болжолдонду

© AP Photo / Czarek SokolowskiАКШнын аскер кызматкерлери. Архив
АКШнын аскер кызматкерлери. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.03.2024
Жазылуу
Abrams танкаларынын биринчи партиясы Украинага 2023-жылдын сентябрында жеткирилген.
БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Президент Жо Байден Украинага аскерин экинчи мөөнөткө шайлангандан кийин гана жөнөтүшү ыктымал. Бул тууралуу америкалык миллиардер Дэвид Сакс соцтармактагы баракчасы аркылуу билдиргенин РИА Новости жазды.
"Алгач Байден F-16 истребителдерин, Abrams танкаларын жана алыска атылуучу ракеталарын үчүнчү дүйнөлүк согуш башталып кетиши мүмкүн деген жүйө менен Украинага жөнөтүүгө каршы эле. Бирок мунун баары акыры Украинага барды", — деп жазган ал.
Сакстын айтымында, кургактагы аскер күчү азыркы тапта жападан жалгыз "табу" болуп турат, анткен менен Франция президенти Эммануэль Макрон маселени көтөрүп койду. Мындан тышкары, Украинадагы НАТОнун атайын бөлүктөрү тууралуу маалымат күнүгө келип жатат.
"Байден аскерин шайлоого чейин жөнөтө албайт, кооптуулук күч. Бирок экинчи мөөнөткө шайланары менен кургактагы аскер күчүн Украинага жөнөтөрүнөн шегим жок", — деп жазган Сакс.
2022-жылдын мартында Байден Украинага америкалык аскер кызматкерлери менен техника, учак жана танк жөнөтүү үчүнчү дүйнөлүк согуштун башталышын шарттай турганын айткан эле. 2023-жылдын февралында Украина Куралдуу күчтөрүнө F-16 истребителдерин бербей турганын, бул техниканын Киев үчүн зарылчылыгы жок экенин билдирген.
Анткен менен Abrams танкаларынын биринчи партиясы Украинага 2023-жылдын сентябрында жеткирилген, Вашингтон Киевге 31 танк убадалаган болчу. Ошол эле жылдын августунда АКШ Украинага Дания менен Нидерланддар аркылуу F-16нын берилишин колдогон. Украина Куралдуу күчтөрү бул техниканы учкучтары даярдыктан өткөндөн кийин алмакчы.
АКШда кийинки президенттик шайлоо ушул жылдын ноябрына белгиленген. Ага Республикалык партиядан Дональд Трамп менен Никки Хейли талапкер болууда. Байден Демократиялык партиядан чыгарын айткан.
Владимир Путин Федералдык жыйынга кайрылуу жолдоп жатып Батыш ойлоп тапкан нерсенин баары өзөктүк курал колдонулган жаңжалды шарттап, бул өз кезегинде цивилизацияны жок кыларын эскерткен. Мындан тышкары, европалык лидерлердин Украинага НАТО аскерлерин жөнөтүү ыктымалдыгы тууралуу айткандарына комментарий берип, кесепети өтө оор болорун белгилеген.
Украина менен НАТОнун желектери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.03.2024
ЦРУнун экс-агенти НАТО күчтөрү Украинада эмне менен алек экенин ачыктады
Жаңылыктар түрмөгү
0