Күн качан жылыйт? Алдыдагы аптага карата аба ырайы

© Sputnik / Евгений ОдиноковКыз кар жааганда кол чатыр менен басып баратат. Архив
Кыз кар жааганда кол чатыр менен басып баратат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.03.2024
Жазылуу
Жекшемби күнү көпчүлүк аймактарда каржаап, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 15-20 метрге жетет. Андан соң өлкөдө күн ачылат.
БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги алдыдагы аптага карата күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат берди.
Ага ылайык, Бишкек шаарында бүгүн мезгил-мезгили менен кар жаайт. Ошол бойдон жаан-чачын болбойт.

Чүй, Талас облустары

3-мартта көпчүлүк аймактарда кар жаайт. Ошол бойдон күндүн көзү ачылып, 9-мартка чейин турат.

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары

3-мартта көпчүлүк аймактарда кар аралаш жамгыр жаайт. Андан соң апта аягына дейре күн ачык болот. Абанын температурасы 13 градуска чейин жылыйт.

Ысык-Көл, Нарын облустары

3-мартта көпчүлүк аймактарда, 4-мартта айрым жерлерде кар жаашы күтүлөт. Андан ары 9-мартка чейин жаан-чачын жаабайт.
Тоодо эс алуу. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.01.2024
Тоого барып аман-эсен эс алып келем дегендер үчүн көңүлгө түйчү эрежелер
Жаңылыктар түрмөгү
0