Трамп: Байдендин тушунда АКШнын дүйнөдөгү кадыры бир топ түштү

© AP Photo / Steve HelberАКШнын мурунку президенти Дональд Трамп
АКШнын мурунку президенти Дональд Трамп - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.03.2024
Жазылуу
Американын экс-президенти азыркы америкалык лидердин дарегине байма-бай кескин сын айтып келет.
БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Жо Байдендин президенттигинин мезгилинде АКШнын дүйнөлүк аренадагы кадыры кыйла төмөндөдү. Бул тууралуу мурунку өлкө башчы Дональд Трамп соцтармактагы кайрылуусунда айтканын РИА Новости жазды.
"Америка барган сайын алсыз болуп, баркы кетип жатат. Жо Байден үчүнчү дүйнөлүк согуштун босогосунда турат", — деген экс-президент.
Трамптын айтымында, АКШда учурда башаламандык өкүм сүрүүдө, мамлекет таланып-тонолуп жатат, ал эми экономика инфляциялык апааттан улам кыйроо үстүндө.
Американын экс-президенти азыркы америкалык лидердин дарегине байма-бай кескин сын айтып келет. Буга чейин анын Байденди фишисттер көзөмөлдөй турганын, интеллектуалдык деңгээли эң төмөн президент болгонун айтып, кызматына дал келе албаган, керек болсо "сүйлөп жаткан сахнасынан өз алдынча чыгуу үчүн кайда барарын билбеген" адам катары сыпаттаган учурлары арбын.
АКШнын мурунку президенти Дональд Трамп  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.02.2024
Трамп Байдендин президенттиги тууралуу Путиндин пикири менен макул болду
Жаңылыктар түрмөгү
0