Тамак даярдоодо бактериядан, уулануудан алыс болуу үчүн сакталчу эрежелер

© Sputnik / Виталий Белоусов / Медиабанкка өтүүГамбургер бышыруу. Архив
Гамбургер бышыруу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.03.2024
Жазылуу
Адистер чийки заттардагы бактериялардын ашканада жайылып кетүүсүн алдын алуу зарыл экенин белгилешет.
БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти тамакка ууланбоо жана түрдүү бактериялардан алыс болуу үчүн тамак даярдоодогу башкы эрежелерди эскертти.
Мекеме айрым жөнөкөй эрежелерди сактабагандык олуттуу көйгөйлөрдү жаратышы мүмкүн экенин белгилеген:
Чийки азыктарды жеп көрүүгө болбойт. Көпчүлүк керектөөчүлөр бышырылбаган азыктарды, анын ичинде чийки эт, сүт жана башкаларды даамдап көрүүнү адат кылган. Бул туура эмес, чийки азыктарда адамды ууландыра турган бактериялар болушу мүмкүн;
Этти бышырардан мурун жууганда андагы бактериялар ашканадагы башка буюмдарга же азыктарга жабышышы мүмкүн. Мында кылдат болуу сунушталат;
Ашканадагы раковинага чийки заттарды жууган соң аны тазалап коюу зарыл. Бул кадам андагы бактериялардын башка идиш, каражаттарга өтүшүн алдын алат;
Жашылча-жемиштерди аарчыгандан мурда жууп алуу керек. Анткени алардын сыртында кооптуу бактериялар, ар кандай микробдор бар;
Керектөөчүлөр кээде азыктын сырткы абалын карап мөөнөтү өткөн жок, таза бойдон деп ойлошу мүмкүн. Айрым учурда аны сактоо шарттарын аткарышпайт. Мындайда азык бузулуп, адам жегенде ууланат. Ошондуктан таңгакта жазылган сунуштамага ылайык сактоо зарыл.
Дүкөндөгү азык-түлүктөрдүн курамын окуп жаткан кардар  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.01.2024
Адистер азык-түлүк сатып алууда көңүлгө түйчү эрежелерди эскертти
Жаңылыктар түрмөгү
0