Кыргызстанда улакчылар оюн учурунда жаракат алса компенсация төлөнөт

© Sputnik / Владислав НогайКөк бөрү мелдешине катышкан улакчылар. Архив
Көк бөрү мелдешине катышкан улакчылар. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.03.2024
Жазылуу
Полис ар бир оюнчуга 2,8 миң сомдон айланат.
БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Кыргызстанда улакчылар оюн учурунда жаракат алса компенсация ала баштайт.
Көк бөрү федерациясынын вице-президенти Нурлан Максутов оюнчулардын ден соолугун камсыздандыруу процесси башталганын билдирди. Тиешелүү полисти алгачкылардан болуп Чүйдүн "Сары-Өзөн" командасы алды.
"Ар бир команда камсыздандыруу процедурасынан өтүшү керек. Полисти албагандар турнирлерге катыша албайт", — деди Максутов.
Полис 2,8 миң сом болот (минималдуу коюму), камсыздандыруу төлөмүнүн суммасы 200 миң сомго чейин деп белгиленген.
Кыргызстан жана Казакстан көкбөрүчүлөрү. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.02.2024
Кыргызстан Казакстанда өтчү Көчмөндөр оюндарына көк бөрүнү кошууну сунуштады
Жаңылыктар түрмөгү
0