"НАТОнун ушу кезге чейин тарап кетпегени кызык". Илон Масктын билдирүүсү

© AFP / SERGEI GAPONXтин директору, миллиардер Илон Маск. Архив
Xтин директору, миллиардер Илон Маск. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.03.2024
Жазылуу
Владимир Путин НАТО 1991-жылы кеңейбей турганын убадалагандан бери альянстын чегин жылдыруу боюнча аракеттердин "беш ири толкуну" болгонун белгилеген.
БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Миллиардер Илон Маск америкалык бизнесмен Дэвид Сакстын НАТО СССР кыйрагандан кийин эле жоюлушу керек болчу деген пикирине кошуларын билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Маск НАТО Советтер Союзу жок болгондон кийин тарап кетүүнүн ордуна кеңейүү деген жаңы миссияны ойлоп таап алганын белгилеген. Анын айтымында, уюмдун дал ушул кеңейүү максаты аны жек көрүнтө баштаган.
"Мага башкы душманы жана уюмдун түзүлүүсүнүн башкы себепкери болгон Варшава келишими боюнча уюм өз ишин токтоткондон кийин НАТО эмнеге тарап кетпейт деген суроо дайым кызык болуп келген", — деди Маск комментарий берип жатып.
Былтыр октябрда РФ лидери Владимир Путин НАТО 1991-жылы кеңейбей турганын убадалагандан бери альянстын чегин жылдыруу боюнча аракеттердин "беш ири толкуну" болгонун белгилеген. Анын айтымында, мындай сөзүнө турбаган тараптар менен эпке келүү өтө татаал.
Америкалык миллиардер, ишкер жана инженер Илон Маск - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.10.2023
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Илон Маск Батышты Россия менен элдешүүгө чакырды
Жаңылыктар түрмөгү
0