Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Каршылык көрсөткөн жок. АКШда Украина армиясынын аракети нааразылык жаратууда

© AP Photo / LIBKOSУкраинанын аскерлери. Архив
Украинанын аскерлери. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.03.2024
Жазылуу
Россия Куралдуу күчтөрү өткөн жума ичинде Донецкидеги төрт калктуу конушту бошоткон.
БИШКЕК, 4-мар. — Sputnik. Россия армиясы фронттун бардык линиясында ишенимдүү алдыга жылып келе жатат, мында украин күчтөрүнүн каршылыгы өтө солгун. Мындай пикирин Пентагон башчысынын мурунку кеңешчиси Дуглас Макгрегор BCM Podcast программасынын эфиринде айтканын РИА Новости жазды.
"Согуш талаасында Украина Куралдуу күчтөрү позициясынын басымдуу бөлүгүн таштоого аргасыз болду. Орустар жай, бирок ишенимдүү келе жатышат. Көпчүлүгүндө каршылык да көрүшкөн жок, кээде гана анча-мынча туруштук берүү аракеттерине туш болушууда", — деди эксперт.
Макгрегор көп киши өлкөдөн чыгып кеткендиктен, жоготуулардын, жарадарлардын көптүгүнөн украин улуту дээрлик кыйрап жок болгонун да белгилеген.
Россия Куралдуу күчтөрү өткөн жума ичинде Донецкидеги Победа, Ласточкино, Северное жана Петровское калктуу конуштарын бошоткон. Петровское 17-февралда россиялык аскерлер ээлеген Авдеевкадан түндүк-батышты көздөй беш чакырым аралыкта жайгашкан.
Февралдын башында РФ коргоо министри Сергей Шойгу Россия Куралдуу күчтөрүнүн жетекчилик курамы менен жыйын куруп жатып Украина январдан бери 23 миң кишисин жоготконун билдирген. Ал Киев согуш талаасына резервин таштап, шашылыш мобилизация жүргүзүп жатканын белгилеген. Ал эми россиялык бөлүктөр алдыга жылып, көзөмөлдөөчү аймагы улам кеңейип жатканы айтылган эле.
Вашингтондогу Ак үйдүн имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.03.2024
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Ак үй Украинага жардам берүүдө Конгрессти айланып өтүүгө болбостугун айтты
Жаңылыктар түрмөгү
0