Сейсмолог жер титирөөнүн күчүн сейсмографтан изилдеп жатат. Архив  - Sputnik Кыргызстан

Бишкекте жер титиреди. Сүрөт, видео, текст

Жазылуу
Кыргызстанда бир нече минута мурда жер титиреди.
Ага чейин телефондорго 5,4 магнитудалык жер титирөө болору туурасында кабарлама келген. Жер титирөөнүн очогу Казакстандын Алматы шаарында экени айтылды.
Мазмуну
Алгач жаңыларыАлгач эскилери
16:49 04.03.2024
Илимдер академиясынын президенти, Сейсмология институтунун директору Канат Абдрахматов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.03.2024
Бүгүнкү жер титирөөнүн эпиборбору Кемин зилзаласынын очогуна түшкөн
14:25 04.03.2024
13:08 04.03.2024
Алматыда элге жер титирөө боюнча кабарлама берилди.
13:05 04.03.2024
Кыргызстанда жер титирөөдөн жабыркагандар жок экенин Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен алдын ала алынган маалыматтарга таянып билдиришти.
12:58 04.03.2024
Чолпон-Ата шаарынын тургундары 4 баллдык жер титирөөнү сезген. Бишкекте, Караколдо жана Кумтөр кени жайгашкан аймакта 3,5 балл болгону айтылды.
12:55 04.03.2024
Жер титирөөнүн эпиборбору Кыргызстанда экени айтылды. Муну Сейсмология институтунан билдиришти.
Эпиборбору Чолпон-Ата шаарынан 35 чакырым, Алматы шаарынан 40 чакырым, ал эми Бишкек калаасынан 190 чакырым аралыкта экени айтылды.
12:44 04.03.2024
12:42 04.03.2024
Жер титирөө үч өлкөдө — Кыргызстан, Казакстан жана Кытайда сезилди. Эпиборбору Алматыдан 37, Кыргызстандын Ысык-Көл районунан 8 чакырым алыстыкта жайгашкан.
Жер титирөө боюнча кабарлама да бир топ абоненттерге келген.
12:40 04.03.2024
Жаңылыктар түрмөгү
0