Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

"Кетиш керек". Украиналык эксперт согуштун соңу тууралуу айтты

© Sputnik / СтрингерУкраинанын Коргоо министрлигинин имараты. Архив
Украинанын Коргоо министрлигинин имараты. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.03.2024
Жазылуу
Эксперт Киев бийлиги 2022-жылдын жаз айларында күчтөрдүн теңдештиги туурасында "ойлонушу керек эле" деп белгилеп, эми бир топ кыйын болоруна токтолгон.
БИШКЕК, 4-мар.— Sputnik. Киев бийлиги менен коомчулугу "согушту аягына чыгаруу керек" же "кандай болгон болсо да тынчтык орносун" деген дилеммада турат. Бул боюнча РИА Новости украиналык саясат таануучу Вадим Карасев маек куруп жатканда айтканын жазды.
"Эки колуңду жогору көтөрүп жана аны менен бирге эле "кандай болгон күндө да тынчтык орносун" деп талап кылуунун кереги жок экени түшүнүктүү. Бирок жеңишке чейин согушуу деген эмне? Жеңиш менен аяктоо деген эмне экенин мага түшүндүрүп берсеңер. Бул жалган дилеммадан баш тартуу керек", — деген ал.
Саясат таануучунун айтымында, тынчтык келишимине макул болуунун өзү оор болгондуктан бул варианттардын бири да Украинага жакпайт, бирок аягына чейин согушту улантуунун да кажети жок. Эксперттин пикиринде, Украинанын Куралдуу күчтөрү Россия сыяктуу каршылашты жеңе албайт.
Карасев мындан улам Киев бийлиги 2022-жылдын жаз айларында күчтөрдүн теңдештиги туурасында "ойлонушу керек эле" деп белгиледи. Анткени бүгүнкү күндө согуштун альтернативасы катары Стамбул сүйлөшүүлөрүнүн жүрүшүндө Россия сунуш кылган ошол шарттарга караганда эми алда канча катаалын кабыл алуу керек болуп турат.
"Саясатчылар өтө татаал чечимди кабылдашы керек. Кудай сактасын, миллиметрге эле жаңылсаң бутага тийишиң, балким, андан да жаман болушу мүмкүн. Биз Стамбул бутасын талкалап алдык, бүгүн өтө начар позициядагы дипломатиябыз менен иш алып барууга аргасыз болуп жатабыз",— деп сөзүн жыйынтыктаган эксперт.
Мындан мурдараак Венгриянын тышкы экономика жана тышкы иштер боюнча министри Петер Сийярто сүйлөшүүлөр канчалык кеч башталса, Киев үчүн ошончолук жаман болорун, себеби акыркы мезгилдери согуш талаасында Россия артыкчылык кылып бара жатканы баарына байкалганын айткан.
2024-жылдын февраль айында Россия лидери Владимир Путин америкалык журналист Такер Карлсонго берген маегинде Украина менен сүйлөшүүлөр 2022-жылы негизинен соңуна чыгып, бирок россиялык күчтөрдү Киевден алып кеткенден кийин украин тарап бардык келишимдерди "ыргытып салганын" жана көп өтпөй Владимир Зеленский Москва менен диалог курууга тыюу салган жарлыкка кол койгонун айтып берген.
Путин Россия сүйлөшүүлөрдөн эч качан баш тартпаганын белгилеген. Россиялык журналист Павел Зарубинге берген интервьюсунда Батыштын Украина чатагын жөнгө салууну каалаарын же каалабастыгын билбей турганын, эгерде алардын ою болсо Москва "диалогго даярдыгын" кошумчалаган.
Украинанын президенти Владимир Зеленский  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.12.2023
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Түркия Зеленскийге сүйлөшүүгө тыюу салган чечимин кайра кароону сунуштады
Жаңылыктар түрмөгү
0