Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Режиссер: кинолорду пираттык негизде жарыялагандардын көбү — окуучулар

© Sputnik / Акбар АкжигитовКинорежиссёр, продюсер Сүйүн Откеев
Кинорежиссёр, продюсер Сүйүн Откеев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.03.2024
Жазылуу
Кинорежиссёр, продюсер Сүйүн Откеев тасмаларды уруксаты жок уурдап, түрдүү интернет баракчаларына жүктөгөндөр көбөйгөнүн айтты.
Кинолорду пираттык негизде жарыялагандарга түшүндүрүү иштери жүрүүдө. Бирок айрым кара ниет адамдар дагы деле ишин улантып жатканын Сүйүн Откеев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Режиссер: кинолорду пираттык негизде жарыялагандардын көбү — окуучулар
Анын айтымында, 2017-жылдан тарта тасманы көчүрүп алып жайылткан "онлайн-каракчылар" менен күрөш уланып жатат.
"Негизи заманбап "каракчылар" менен 2015-жылдан бери эле күрөшүп келе жатабыз. Мурда Каржы полициясынын өкүлдөрү, авторлор менен бирге базарларды кыдырып, диск саткандар менен маселе болсо, 2017-жылдан тарта тасманы көчүрүп алып жайылткан "онлайн-каракчылар" менен күрөш уланууда. Акыркы учурларда колдонуучулар катталуучулардын санын көбөйтүү максатында кинолорду жаздырып алып, түрдүү платформаларга жайгаштырып келет. Кээ бирин кармап, тушүндүрүү иштерин жүргүздүк. Көпчүлүк учурда алардын автордук укук боюнча түшүнүгү жок же жоопкерчилиги тууралуу маалыматы жок болуп чыгат. Себеби мындай иштерге баргандардын көбү мектеп окуучулары болуп жатат", — деди Откеев.
Ошондой эле адис автордук укуктун корголушу боюнча маалыматтык кампания жүргүзүү иштери күчөтүлүшү керектигин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0