Адамды көтөрүү үчүн муздун калыңдыгы кандай болуш керек? ӨКМдин эскертүүсү

© Sputnik / Виталий Аньков / Медиабанкка өтүүМуз үстүндө балып улоо. Архив
Муз үстүндө балып улоо. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.03.2024
Жазылуу
БИШКЕК, 4-мар. — Sputnik. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги муз үстүндөгү коопсуздук эрежелерин эскертти.
Мекеме биринчи кезекте көлмөдө тоңгон муздун үстүнө эч качан жалгыз барбоо керектигин, анын калыңдыгын текшерүү үчүн бут менен тепкилеген кооптуу экенин айтты.
"Кар астындагы музда сизге көрүнбөгөн жаракалар, тешиктер болот. Атүгүл эшиктеги сууктун күчү катуу болгон учурда да тоңгон муз жука болуп, жарылып кетиши толук мүмкүн", — дешти ӨКМден.
Эске ала турчу кеңештер:
калыңдыгы 5 сантиметр муз чоң кишини көтөрө албайт;
10 сантиметр болгон муздун үстүндө балык уулоого болот. Бирок муз үстүндө басууга болбойт;
12 сантиметр калыңдыктагы музда кар унаасы (снегоход), 20-30 сантиметр музда жеңил унаа, калыңдыгы 30-38 сантиметр болгон музда жүк ташуучу унаа жүрө алат.
Ошондой эле кар жаап, туман түшкөндө жана караңгыда муздун үстүнө чыкпоо зарыл экени кошумчаланды.
Суучул суу астында. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.03.2024
Бишкектин четинде ойноп жаткан 5 бала сууга түшүп кетип, экөө каза болду
Жаңылыктар түрмөгү
0