Министрлик: Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү азайып кетүү коркунучу бар

© Sputnik / Акылбек БатырбековТоктогул суу сактагычындагы суунун деңгээлинин төмөндөшү. Архив
Токтогул суу сактагычындагы суунун деңгээлинин төмөндөшү. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.03.2024
Жазылуу
Аткаминер кыргызстандыктарды электр энергиясын үнөмдөөгө чакырган.
БИШКЕК, 4-мар. — Sputnik. Токтогул суу сактагычында суунун көлөмүнүн кескин азайып кетүү коркунучу бар. Бул тууралуу энергетика министринин орун басары Талайбек Байгазиев маалымат жыйын учурунда билдирди.
Анын айтымында, азыр аталган суу сактагычта суунун көлөмү 7,753 миллиард куб метрди түзөт, өткөн жылы бул мезгилде 8,035 миллиард болчу.
"Бул начар көрсөткүч. Электр энергиясы көп колдонулгандыктан, айрыкча кечкисин автоматика системасы иштеп жатат. Ошондуктан айрым райондордо электр кубатын өчүрүү жолу менен жөнгө салуу чаралары жүргүзүлөт. Март айына карата суткасына лимитибиз 54 миллион киловатт-саатты түзөт, бирок биз андан ашып жатабыз. Эгер мындай көрүнүш улана берсе Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү кескин азайып кетиши мүмкүн", — деди Байгазиев.
Ал суу кескин азайып кетпеш үчүн кыргызстандыктарды электр энергиясын үнөмдөөгө чакырып кеткен.
Белгилей кетсек, суу кескин азайып кеткенде көлөмү 5,5 миллиард куб метр болот. Мындай көлөм менен өлкөнүн башкы ГЭСи электр энергиясын өндүрө албайт. Токтогул суу сактагычынын максималдуу көлөмү 19,5 миллиард куб метрди түзөт.
Токтогул ГЭСи — өлкөдөгү эң ири станция. Ал Кыргызстандын электр энергиясына болгон муктаждыгынын 40 пайызын камсыздайт.
ГЭСтеги суу агызуу. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.02.2024
Кыргызстанда электр энергиясынын тартыштыгын кыскартчу ГЭСтер курулат
Жаңылыктар түрмөгү
0