Кара-Кыргыз автономиялуу облусуна — 100, ЕАЭБге 10 жыл. Коллекциялык тыйындар чыгат

© Sputnik / Жоомарт УраимовКыргызстан желегин фонунда сом монеталары. Иллюстративдик сүрөт
Кыргызстан желегин фонунда сом монеталары. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.03.2024
Жазылуу
Быйыл жалпы жонунан 3,5 миң тыйын чыгаруу пландалууда.
БИШКЕК, 5-мар. — Sputnik. Улуттук банк Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жана ЕАЭБдин 10 жылдыгына карата коллекциялык тыйындарды чыгара турганын билдирди.
Буга чейин башкы банк жез-никелден жасалган монеталарды чыгарып келген, мисалы, былтыр Конституциянын 30 жылдыгына арналган серия чыккан.
Алдыда пландалган тираждарга төмөнкүдөй аталыш берилет:
"Евразия экономикалык биримдигине – 10 жыл" — 500 даана;
"Кара-Кыргыз автономиялуу облусуна – 100 жыл" — 1000 даана;
"Ат чабыш" — 1000 даана.
Булардын баары күмүштөн жасалып, 10 сом номиналында болот.
Ошондой эле алтындан жасалган "Айкөл Манас" тыйындары 100 сом номиналында 1000 даана болуп чыгарылат.
20 сом номиналындагы жаңы банкноталар  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.02.2024
Бүгүндөн тарта 20, 50 жана 100 сомдуктун жаңы купюрасы жүгүртүүгө чыкты
Жаңылыктар түрмөгү
0