Стоматологияда чарчап калган бөбөк. Анестезиолог, медборбордун башчысы камалды

© Фото / пресс-служба ГУВД БишкекаЧарчап калган үч жашар бөбөктүн тишин дарылаган медициналык борбордун анестезиологу тергөө абагына камалды. Архив
Чарчап калган үч жашар бөбөктүн тишин дарылаган медициналык борбордун анестезиологу тергөө абагына камалды. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.03.2024
Жазылуу
Буга чейин анестезиолог кармалып, кийин үй камагына чыгарылган. Бул чарчап калган кыздын туугандарынын нааразычылыгын жараткан.
БИШКЕК, 5-мар. — Sputnik. Чарчап калган үч жашар бөбөктүн тишин дарылаган медициналык борбордун жетекчиси менен анестезиолог тергөө абагына камалды. Бул туурасында укук коргоо органдарындагы булактар билдирди.
Алардын айтымында, кылмыш иши каралып жаткан берене өзгөртүлгөн, бирок кандай болуп өзгөргөнү такталган жок. Алгач Кылмыш-жаза кодексинин 146-беренеси ("Медициналык же фармацевтикалык кызматкердин кесиптик милдетин талапка ылайыксыз аткаруу") боюнча иш козголгон эле.
Биринчи май райондук соту эки дарыгерды камоо чечими чыкканын тастыктады.
Эске салсак, былтыр декабрдын аяк ченинде Медакадемиянын медициналык борборундагы стоматология бөлүмүндө үч жашар кыз чарчап калган. Жакындары алгач бөбөктү тишин тазалатуу үчүн менчик клиникага алып барган, ал жактан медборборго жөнөтүшкөн. Жакындары кызга наркоз берилген соң көз жумганын айтышкан. Кийин кесиптик милдеттерин так аткарган эмес деп айыпталып 31 жаштагы Т.А. аттуу анестезиолог кармалган. Бул иш боюнча Медициналык академияга караштуу медициналык борбордун директору, стоматология бөлүмүнүн башчысы, анестезиолог, стоматолог иштен кеткен.
Ал эми соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы кыз кетонал менен анальгин препараттарын колдонуудан өрчүп кеткен анафилактикалык шоктон улам көз жумганын көрсөткөн.
Кийинчерээк анестезиолог үй камагына чыгарылган. Буга чарчап калган бөбөктүн жакындары нааразы болуп Жогорку соттун имаратынын алдына пикетке чыгышкан.
Оорукананын палатасында жаткан бейтап. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.02.2024
Ысык-Көлдө 18 жаштагы кыздын өлүмүнөн улам үч дарыгер кармалды
Жаңылыктар түрмөгү
0