БАЭден Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү кармалды

© AFP / JENS SCHLUETERШектүүнү кармоо. Архив
Шектүүнү кармоо. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.03.2024
Жазылуу
Тергөөнүн маалыматына караганда, Рысалиев Көлбаевдин таасиринен пайдаланып, дайыма мыйзамсыз киреше алып келген.
БИШКЕК, 5-мар. — Sputnik. Жок кылынган кримтөбөл Камчы Асанбектин (Камчы Көлбаев) уюшкан кылмыштуу тобунун издөөдө жүргөн мүчөсү Таалайбек Рысалиев БАЭден кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.
Ал 21-февралда Интерполдун улуттук борбордук бюросу менен биргеликте кармалган.
Атайын кызматтын маалыматы боюнча, Рысалиевге уюшкан топко катышкан деген айып тагылган.
"Бишкектин Биринчи май райондук соту камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасын сырттан тандады. Рысалиев кримтөбөл Көлбаевдин жакын адамы болуп, анын таасиринен пайдалануу менен мыйзамсыз киреше алып турган. Ошол эле учурда менчикке каршы оор кылмыштарды жасаган. Учурда аны Кыргызстанга экстрадициялоо иштери жүрүп жатат", — деп айтылат маалыматта.
Чолпон-Ата шаарынын мурдагы мэри камакка алынды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.02.2024
Чолпон-Ата шаарынын мурдагы мэри камакка алынды
Жаңылыктар түрмөгү
0